Ош шаардык соту тарабынан унаа коюп каза тапкан биринчи класстын окуучусунун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу 19-октябрда соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим 11-октябрда кабыл алынды.
Окуучунун өлүмү тууралуу үстүбүздөгү жылы 20-сентябрда белгилүү болгон. Ош шаардык жол кайгуул кызматы 19-сентябрь саат 11:40та Абсамат Масалиев көчөсүндөгү жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 1-класстын мектеп окуучусун Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын 31 жаштагы айдоочусу унаасы менен коюп кеткенин билдирген.
Окуучуну ооруканага алып барышкан, бирок ал каза болуп калган.
Окуучунун өлүмүнө шектүү катары Кара-Суу районундагы жеке менчик медициналык мекеменин башкы дарыгери кармалып, териштирүү иштери жүрүп жаткан.
ТЕМА БОЮНЧА:
Ошто 1-класстын окуучусун унаа сүзүп кетип, ал ооруканада көз жумду
Ош: Мектеп окуучусун сүзүп кетип, өлүмүнө шектелген башкы дарыгер кармалды