Ош: Мектеп окуучусун сүзүп кетип, өлүмүнө шектелген башкы дарыгер кармалды

Сүрөт: Медер Ниязалиев / Azattyk

Ош шаарында унаа сүзүп кетип ооруканада каза тапкан 1-класстын мектеп окуучусунун өлүмүнө шектүү катары Кара-Суу районундагы жеке менчик медициналык мекеменин башкы дарыгери кармалды. Бул тууралуу 20-сентябрда «Турмуш» басылмасы билдирди.

19-сентябрь саат 11:40та Ош шаарындагы Абсамат Масалиев көчөсүндө жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан окуучуну Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын 31 жаштагы айдоочусу коюп кеткен

Окуучуну ооруканага алып барышкан, бирок ал каза болуп калган. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто 1-класстын окуучусун унаа сүзүп кетип, ал ооруканада көз жумду