УТРК:Бажыдагы коррупциядан улам акыркы жылдары бюджетке ондогон миллиард сом түшпөй калган 

Улуттук теле канал 21-октябрда Бажы кызматындагы коррупция тууралуу сюжет жарыялады. Анда жыл сайын ондогон миллиард сом бюджетке түшпөй калганы тууралуу сөз болот.


Мамлекеттик каналдын журналисттери Бажы кызматынын Аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгына таянып, кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрүү пунктундагы коррупциялык схема  тууралуу айтып беришти. Алардын маалыматына ылайык, бул схемалардын айынан, 2016-2019-жылдар аралыгында бюджетке 28 млрд сомго жакын зыян келтирилген.

«Пандемиядан кийин бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүндө кескин секирик байкалган. Эгерде 2020-жылы түшкөн кирешелер 28 млрд сомдон бир аз ашкан болсо, 2022-жылдын жыйынтыгы менен 74,3 млрд сомду түзгөн. Башкача айтканда үч эсеге көбөйгөн. 2023 жылдын 9 айынын ичинде 79,5 млрд сомго жетти. Адистердин божомолунда 2023-жылдын аягына чейин 103 млрд сом бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү күтүлүүдө. Бул 2023-жылга чейин 70 млрд сомго жакын мамлекеттик казынага эмес, коррупционерлердин чөнтөгүнө кетип турган», — деп айтылат деп УТРКнын сюжетинде. 

Журналисттердин сюжети эфирге чыкканга чейин УКМК маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев жана коррупцияны мойнуна алган мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен «жакын байланышы» бар делген 50гө жакын кызматкер Бажыдан кеткенин билдирген.     

Журналист (Бажыдагы коррупция тууралуу иликтөөлөрдүн сериясынын авторлорунун бири) Али Токтакунов буга чейин коррупциялык схемалар тууралуу айтпай келген Бажы менен УТРК салтты бузуп айтып чыкканына баракелде деп белгилеген. Анын айтымында, Бажыдагы коррупциянын масштабы мындагы дагы чоң. 

«Эми бул акчаларды мамлекет кайтарып алышы керек. Эгерде ушул акча уурдалбаганда 28 млрд сомдук бай жашамакпыз да […] Андан сырткары Торугарт (кыргыз-кытай чек арасындагы) көзөмөл пункту бар. Алардан башка дагы терминалдар бар. Эгер бийлик ушунча баштагандан кийин аягына чейин жеткизип, саясий эрки бекем болуп, таап чыгып кайтара турган болсо, анда эбегейсиз бажыдан урдалган миллиардарды, ошондо накта кыргыздын кашыгы дагы, табагы да алтын болот. Керек болсо тышкы-ички карыздарды ушул каражаттар менен төлөп коё турган мүмкүнчүлүк бар», — деп айтты Токтакунов.

Бажыдагы коррупция тууралуу иликтөө

Бажы кызматынын аты коррупциялык жаңжалдарда бир нече жолу айтылган, алардын бири бажы башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимовго байланыштуу. Ал тууралуу OCCRP, «Азаттык» радиосу жана «Клооптун» «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу иликтөөсүндө айтылат.

Матраимов 2015-жылдан 2017-жылга чейин Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Журналисттер Абдукадырдын үй-бүлөлүк кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта, Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, акысына үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турганын аныкташкан. 

Жалпысынан Абдукадырдын кланы Кыргызстандан кеминде 700 млн АКШ долларын чыгарып кеткен — бул журналисттер далилдеп берген гана сумма.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШ Матраимов менен анын жубайын «Магнитский тизмесине» киргизген.

2021-жылдын башында Биринчи май райондук соту Матраимовду коррупцияга күнөөлү деп таап, ага 260 миң сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарган. Бажынын төрагасынын экс-орун басары да коррупцияны мойнуна алып, бюджетке келтирилген зыяндын калыбына келтирүү үчүн 2 млрд сом төлөгөн.

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.