УКМК: Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 50гө жакын бажы кызматкери иштен алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев жана коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алган экс-бажычы Райымбек Матраимов менен байланышы бар 50гө жакын кызматкер Бажы кызматындагы кызматтарынан бошотулганын билдирди. 

«Такталгандай, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери криминалдык авторитет К.Асанбек жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Р.Матраимов менен тыгыз байланышта болушкандары аныкталды. Буга байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жогоруда аталган кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулду», — деп билдиришти ведомстводон. 

УКМКдан белгилешкендей, аталган кызматкерлер ведомствонун ички буйруктарын бузган. 

Атайын кызмат 4-октябрда атайын операция учурунда каршылык көрсөткөнү үчүн жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн соң, түрдүү кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо иштерин күчөтө баштаган.  

Райымбек Матраимов 2015-жылдан 2017-жылга чейин Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон. Бул тууралуу 2020-жылы «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP’нин журналисттери бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөөсүндө айтып беришкен.

2021-жылдын башында Биринчи май райондук соту Матраимовду коррупцияга күнөөлү деп таап, ага 260 миң сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарган. Бажы төрагасынын экс-орун басары өзү да коррупцияны мойнуна алып, бюджетке келтирилген зыян үчүн 2 млрд сом төлөгөн.