Кара-Кулжа: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Шектүү. Сүрөт: Ош ОИИБ.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда тургундун мал-жандыктарын алып, 80 миң сом карызын бербей жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 24-октябрда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-октябрда Кара-Кулжа РИИБге аталган райондун тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал үстүбүздөгү жылдын май айында бир жаранга мал-жандыктарын берип, андан 80 миң сом акчасын ала албай жүргөнүн билдирген. 

Аталган факт боюнча «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери башталган. 

Шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, буга чейин бир нече жолу кылмыш жообуна тартылган 43 жаштагы тургун кармалып, камакка алынды.

Милициядан шектүү «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча айыпталып жатканын кошумчалашты.

Учурда аталган кылмышка тиешеси барларды аныктоо максатында териштирүү иштери уланып жатат.

4-октябрда мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Атайын кызматтан аны кармоого уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгонун айтышкан.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө, анын ичинде Көлбаевдин жакын чөйрөсүнө кайрылып, «эгер кимдир бирөө баш көтөрчү болсо, мыйзам чегинде катуу жазаланат» деп эскерткен.

Ошондой эле Ташиев жергиликтүү ишкерлерди жана чет өлкөлүк инвесторлорду кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн каржылабоого чакырып, «мындан ары Кыргызстанда кримчөйрө, “крим касса” деген болбойт» деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мындан ары кримчөйрө болбойт». Ташиев ишкерлерди кылмыштуу топторго акча бербөөгө чакырды