«Мындан ары кримчөйрө болбойт». Ташиев ишкерлерди кылмыштуу топторго акча бербөөгө чакырды

Камчыбек Ташиев. Сүрөт: Интернеттен алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү ишкерлерди жана чет өлкөлүк инвесторлорду кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн каржылабоого чакырды. Бул тууралуу 9-октябрда атайын кызматтын башчысы фейсбук барагына жазды.

Ташиев «кылмыштуу топтун мүчөлөрү буга чейин көптөгөн бизнесмендерден жана инвесторлордон акча алып жүргөнү, ошондой эле башкаларга таандык мүлктөрдү тартып алган фактылар аныкталып жатканын» айтты.

«Кимде-ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар. [...] Эми баарыңарга эскертебиз: мындан ары крим чөйрөсүнө [акча] бергендерди да, крим чөйрөсүмүн деп барып кимдир бирөөлөрдү коркутуп акча алгандарды да жазалайбыз. Мындан ары Кыргызстанда кримчөйрө, “крим касса” деген болбойт», — деди УКМКнын башчысы.

Ошондой эле Ташиев буга чейин кылмыштуу топтордон жабыркаган ишкерлерди атайын кызматка кайрылууга чакырды.

Көлбаевдин өлүмү, кримтөбөлдөрдүн кайрылуусу

4-октябрда мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Атайын кызматтан аны кармоого уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгонун айтышкан.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө, анын ичинде Көлбаевдин жакын чөйрөсүнө кайрылып, «эгер кимдир бирөө баш көтөрчү болсо, мыйзам чегинде катуу жазаланат» деп эскерткен.

Кийин, 5-октябрда, Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө, анын ичинде атайын операцияда жок кылынган Камчы Көлбаевдин жакын чөйрөсүнө «өлкөдө мындан ары “мыйзамдагы уурулар” болбошу керектигин айтып, жаңы лидер шайлоого, топ түзүүгө аракет кылгандар катуу жазаланарын эскертип» кайрылган.

Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири болгон Көлбаев өлтүрүлгөндөн соң соцтармактарды кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бир нече белгилүү өкүлдөрү «“мыйзамдагы ууру” макамынан баш тартып», мындан ары «мыйзамды сактап жашарын» айтып келишүүдө

ТЕМА БОЮНЧА:

ЖМК кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар делип бир нече киши кармалганын жазды

«Эч кандай криминалдык статусум жок». «Женго» каймана аты бар Досонов кайрылуу жасады

Өзүн Көлбаевдин жубайымын деген аял бийликтен жакындарын тынч коюуну өтүндү