Депутат Алиев Бишкекте имараттарды курууда мыйзам бузуулар көп экенин айтып чыкты

Парламенттин 25-октябрдагы жыйынында депутат Медербек Алиев Бишкекте имараттарды курууда курулуш компаниялары көп мыйзам бузууларга жол бергенин билдирди. Бул тууралуу Алиев өзү мүчө болгон мекемелер аралык комиссиянын текшерүүсүнүн маалыматтарына таянып айтты. 

Жыйындын жүрүшүндө ал өзүнүн өзгөчө пикири менен бөлүшүп, комиссиянын отчёттундагы айрым учурлар менен макул эместигин айтты. 

Өз сөзүндө Алиев Бишкектеги курулуштарга тиешелүү бир катар маселелерди көтөрдү: борбордогу жел айлануунун бузулушунан пайда болгон ыш маселеси, курулуштардын азабынан коммуналдык инфраструктурага болгон басым жана өрттүн кесепеттери.

«Эң негизгиси сейсмикалык туруктуулук. Жаңы курулуп жаткан үйлөр туруштук бере алабы? Бул риторикалык суроо жана менин көз карашымда, алар туруштук бере албайт», — дейт депутат.

Алиев белгилегендей, өлкөдө курулуш боюнча бардык талаптарды аткарган мыйзамга баш ийген компаниялар да бар.

«Бирок биздин тажрыйбабызга таянсак, бул маселени изилдегенден кийин, мен 60% дан ашык компаниялар бул жөн гана соодагерлер, коммерсанттар деген ойдо калдым. Бул адамдар мыйзамга түкүрүп да койбойт, максаты кандай жол менен болсо дагы баюу. Бул объективдүү чындык», — деди Алиев. 

Жыйынтыгында депутат «Кыргызстандын мыйзамдарынын сакталышына шек келтирген» компаниялардын тизмесин мындан ары текшерүү үчүн Башкы прокуратурага, УКМКга жана ИИМге бергенин айтты.

«Мен силерге кайрылып, кылдат текшерүү жүргүзүп, ыплас соодагерлерди Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийдирүүнү талап кылайын дегем. Шаар тибиндеги айылга айланып бараткан Бишкек шаарында жашоого болбойт», — деди ал.

Май айында министрлер кабинети курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшере турган жумушчу топ түзгөн. Минкабдын басма сөз кызматы белгилегендей, жумушчу топ түзүү чечими үстүбүздөгү жылдын февралында Түркияда болгон болгон жер титирөөлөрдөн улам, ошондой эле дүйнөдө континентик плиталардын жылганына, анын натыйжасында Кыргызстандын аймагында дагы «айрым процесстер жана кубулуштар» активдешип кетиши мүмкүн экенин эске алуу менен кабыл алынган.

Ведомстволор аралык комиссияга үч айлык мөөнөттө Кыргызстандын аймагындагы көп кабаттуу курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү жана анын жыйынтыгы боюнча минкабга маалымат берүү тапшырылган.