Минкаб имараттардын сейсмологиялык туруктуулугун текшерүүчү комиссия түздү

Министрлер кабинети курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшере турган жумушчу топ түздү. Бул тууралуу 12-майда минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Жумушчу топ түзүү чечими үстүбүздөгү жылдын февралында Түркияда болгон болгон жер титирөөлөрдөн улам, ошондой эле дүйнөдө континентик плиталардын жылганына, анын натыйжасында Кыргызстандын аймагында дагы «айрым процесстер жана кубулуштар» активдешип кетиши мүмкүн экенин эске алуу менен кабыл алынган.

«Ведомстволор аралык комиссияга үч айлык мөөнөттө Кыргызстандын аймагындагы көп кабаттуу курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү жана анын жыйынтыгы боюнча минкабга маалымат берүү тапшырылды», — деп айтылат билдирүүдө.

6-февралда Түркиянын Сирия менен чек арасында күчү 7 баллдан ашкан катуу эки жер титирөө болгон. Жер силкинүүсү Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым аралыктагы жерде болгон.

Куткаруу иштерине көмөктөшүү үчүн Кыргызстандан 182 куткаруучу барган. Алар урандыдан сегиз адамды куткарып, 198 адамдын сөөгүн алып чыгышкан.