Нарматова депутаттарга виза бербегиле деп батышка кайрылгандарды жазалоону өтүндү 

Депутат Надира Нарматова АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн Кыргызстандагы элчиликтерине «чет элдик тыңчы» мыйзамын колдогон депутаттарга виза берилбесин жана болсо узартылбасын деген өтүнүч менен кайрылгандарды таап жазага тартууну суранды. 

Мындай протоколдук тапшырманы депутат 26-октябрдагы жыйында президенттин жана минкабдын Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов менен УКМКга берди.   

«Бул деген Батыштан каржыланган уюмдардын чыныгы жүзүн, мамлекеттин ичиндеги чыккынчылыкты, саткынчылыкты көрсөтүп жатканынын белгиси. Ошондуктан мен мындай билдирүүлөрдү тараткан, мамлекеттин ичинде, Кыргызстандын жараны болуп туруп, тескери көз караштарды дүйнө жүзүнө таратууга аракет жасаган жарандарга, УКМКга элдин өкүлү катары кайрылуу жасагым келет. Ушуга окшогон туура эмес билдирүүлөрдү жасаган жарандардын ким экендигин аныктап, тактап, мыйзам ченемдүү чара көрүү жагын протоколдук тапшырма катары Алмазбек Ахунжанович сизге тапшырат элем. Себеби бул көрүнүш биринчи жолку эмес, биздин мамлекетте 2019-жылы COVID-19 болуп атканда дагы Батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кыргыз мамлекетине материалдык жактан жардам бербегиле деген ушул мамлекеттерге кайрылуу жасашкан», — деп билдирди Нарматова.

Депутат «патриоттуулугун» көрсөтүп «өлкөнүн коопсуздугуна багытталган мындай керектүү мыйзамды» колдогон кесиптештерине ыраазычылыгын билдирди.

Медиакоомчулук жана жарандык коомдун өкүлдөрү 26-октябрда АКШ менен Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн, Швейцария жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиликтерине кайрылышкан. Анда алар Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, депутат Надира Нарматова, конституциялык мыйзамдар комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова жана укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин башчысы Сүйүнбек Өзүрзаковдорго жана ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө визанын бардык түрлөрүн берүүдөн баш тартуу жана мөөнөтүн узартпоо маселесин кароону өтүнүшкөн.  

Буга Жогорку Кеңештин депутаттарынын «чет элдик тыңчы» мыйзамын биринчи окууда талкууланбай туруп кабыл алганы себеп болду. Мыйзам долбоорун 30дан ашык депутаттан турган топ сунуштап чыккан. 

Документке ылайык, чет өлкөдөн каржыланган жана саясий ишмердүүлүк менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар «чет элдик өкүл» деп таанылат. Мындай КЭМдар кошумча отчётторду бериши керек жана күтүүсүз текшерүүлөргө кабылышы мүмкүн.

Ошондой эле мыйзам долбоору Кылмыш-жаза кодексине 200-1-беренени «Жарандардын өздүгүн жана укуктарын бузган коммерциялык эмес уюмдарды түзүү» деген пункту киргизүүнү сунуштайт. Анда мыйзам бузуу үчүн айыптын өлчөмү — 50 миңден 100 миң сомго чейинки сумманы түзөт. Андай уюмдардын ишине жигердүү катышып, пропаганда кылуу үчүн он жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазалоо сунушталууда.   

Мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси — депутат Надира Нарматова — мындай демилге сөз эркиндиги менен демократияга эч кандай коркунуч алып келбей турганын, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин чектебейт деп билдирген. Анын айтымында, учурдагы КЭУ жөнүндөгү мыйзам муктаждыкты жаба албай жатат жана «мамлекеттин кызчыкчылыгы, коопсуздугу жана бүтүндүгү үчүн» коммерциялык эмес уюмдарга карата көзөмөлдү күчөтүү керек.  

Бирок айрым КЭУ, жарандык активисттер жана эл аралык уюмдар муну менен макул эмес. 

Мурдараак «Адилет» укуктук клиникасы аталган мыйзам долбооруна комментарий берип, ал адам укуктарын жана өлкөнүн Конституциясын бузарын белгилешкен.

Мыйзам долбоорун Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиянын Хелсинки комитети жана Human Rights Watch сыяктуу бир нече эл аралык уюмдар да сынга алышкан. Алар Жогорку Кеңештин депутаттарын «өтө эле репрессиячыл мыйзамды» артка чакыртып алууга чакырышкан.

Мыйзам долбооруна сындар айтылып жаткан шартта демилгечи топтун курамындагы бир нече депутат «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзам долбоорундагы колдорун чакыртып алышарын билдиришкен. Нарматова болсо, сындарга карабастан документти чакыртып албасын билдирген.

Дагы окуңуз: 

Батышты колдойм/каршымын. Консерватор депутаттар кимдер менен «дос» болгусу келет?

Мекенчилдер колдоп берет — Нарматова чуулгандуу мыйзамын чакыртып албасын билдирди