Мекенчилдер колдоп берет — Нарматова чуулгандуу мыйзамын чакыртып албасын билдирди

Депутат Надира Нарматова коммерциялык эмес уюмдар («чет өлкөлүк тыңчылар») жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып албасын билдирди. Бул тууралуу ал 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. 

Жыйында ал аталган мыйзам долбоорун «мамлекетте тартип болуп», бийлик өлкөгө каражат кимден жана кайсыл максаттарга келип жатканын билсин деп демилгелегенин белгиледи. 

«Мен артка кайтпаймын. Буйруса, мекенчил депутаттар колдоп берет. Себеби, мамлекеттин ичинде темирдей тартип орношу керек», — деди ал. 

Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын, ошондой эле адам укуктарын бузбасын кошумчалады. 

Надира Нарматова — коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорунун 30дан ашык иштеп чыгуучусунун ичинен негизги демилгечиси болуп эсептелет. Бул мыйзам долбоорунда Кыргызстанда Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн киргизип, коммерциялык эмес уюмдарга алар иш жүзүндө аткара алгыс талаптарды коюу сунушталып жатат. 

Орусияда бул сыяктуу мыйзам кабыл алынгандан кийин дээрлик бардык укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМКнын жабылышына алып келген.

Мурдараак «Адилет» укуктук клиникасы аталган мыйзам долбооруна комментарий берип, ал адам укуктарын жана өлкөнүн Конституциясын бузарын белгилешкен.

Мыйзам долбоорун Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиянын Хелсинки комитети жана Human Rights Watch сыяктуу бир нече эл аралык уюмдар да сынга алышкан. Алар Жогорку Кеңештин депутаттарын «өтө эле репрессиячыл мыйзамды» артка чакыртып алууга чакырышкан.

Мыйзам долбооруна сындар айтылып жаткан шартта демилгечи топтун курамындагы бир нече депутат «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзам долбоорундагы колдорун чакыртып алышарын билдиришкен.