Жалал-Абад: «Теремок» бакчасында балага зомбулук көрсөткөн тарбиячы иштен алынды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад шаарындагы №8 «Теремок» мамлекеттик бала бакчасынын жетекчиси жана бир тарбиячы балдарга зомбулук көрсөткөнү үчүн иштен кетти. Бул тууралуу 1-ноябрда «Турмуш» басылмасы шаардык билим берүү башкармалыгына таянып жазды.

Маалыматка караганда, 18-октябрда Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгына ата-энелер кайрылып, «Теремокто» «тарбиячы балдарга «кол көтөргөнүнө» даттанышкан. 

Шаардык билим берүү башкармалыгы жумушчу топ түзүп, бала бакчаны текшере баштаган. Видео камералардагы жазуулар текшерилгенде тарбиячы шоктонгон баланын «колунан кармап, жулкуп, отургузуп койгону» аныкталган. 

«Бала бакча жетекчисине сөгүш берилген. Бүгүн ал да кызматын өз арызынын негизинде тапшырып жатат. Ал эми экинчи тарбиячы дарылануу үчүн өргүү алгандыктан ага чара көрүлө элек. Жумушка чыкса, ага да тартиптик чара көрүлөт», — деди билим берүү бөлүмүнүн адиси Шайырбек Эргешов.

Жогорку Кеңештин 26-октябрдагы жыйынында «Ыйман Нуру» фракциясынын депутаты Винера Раимбачаева Жалал-Абад шаарындагы «Теремок» бала бакчасында тарбиячылар балдарды «уруп, ажатканага камап, оозун скотчтоп коркутарын» айтып чыккан

Ал эми шаардык билим берүү башкармалыгынан «депутаттын сөзү чындыкка дал келбей турганын» белгилешти.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылы 9-мартта, Бишкек шаарындагы Brain Up нейрокоррекциялык бала бакчасынын директору Элмира Исаева 10 жаштагы аутизми бар баланы сабаганы белгилүү болгон

Бишкектин Октябрь РИИБи окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен Исаеванын аракеттерине юридикалык баа берилерин билдирген. Буга чейин дагы ушул эле коррекциялык борбордо тарбиялынып жаткан балдарга кол көтөрүлөрү айтылып, кылмыш иши козолгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Brain Up реабилитациялык бакчасында кайрадан бала сабалды

Реабилитациялык борбордо баланын сабалышы боюнча кылмыш иши козголду