Реабилитациялык борбордо баланын сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Иллюстративдик сүрөт

Бишкек шаарындагы Brain Up инклюзивдик билим берүү борборунда майыптыгы бар баланын сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 9-январда Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүлөргө карата иш «Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо» беренеси менен козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин соцтармактарда «борбордун тарбиячысы жашы жете элек баланы чыбык менен сабап жатат» делген видео тараган. Тасмадан аял өспүрүмдү эки колдон алып көтөрүп, бутка бир нече ирет тепкенин да көрүүгө болот.

Аталган видео боюнча райондук милиция иликтөө иштерин баштаганын «Клоопко» 4-январда билдирген.

Милициянын маалыматына ылайык, сабалган бала — 8 жашта. Ал аталган борбордо август айынан бери реабилитациядан өтүп жаткан.

Кыргызстанда эң аз дегенде 197 миң адамдын майыптыгы бар. Алар үчүн инфраструктура ыңгайсыз, коомдук транспорт менен толук кандуу пайдалана алышпайт. Ошондой эле алар иш таба албай, коом тарабынан кабыл алынбай келишет.

2019-жылдын 14-мартында кыргыз бийлиги майыптардын укуктары боюнча Бириккен улуттар уюмунун конвенциясынын ратификациясына кол койгон. Кыргызстан өлкөдө жашаган 200 миңге жакын майыптардын укуктарын сактоого жана коргоого милдеттенме алган. Анткен менен азырынча бул жаатта алгылыктуу иштер аткарыла элек.

ТЕМА БОЮНЧА:

Милиция реабилитациялык борбордо сабалган баланын окуясын териштире баштады