Бишкек: Brain Up реабилитациялык бакчасында кайрадан бала сабалды

Бишкек шаарындагы Brain Up нейрокоррекциялык бала бакчасынын директору Элмира Исаева 10 жаштагы аутизми бар баланы сабады. Бул тууралуу жабыркаган баланын апасы «Клоопко» билдирди.

Анын айтымында, 9-мартта баласынын чекесинен жана мойнунан көгала тактарды көрүп, борбордун директоруна кайрылган.

«Өзүм жаман болуп кетип, директордон сурадым. Ал балам анын коробка шокаладын жеп алганын, ошондуктан коробка менен чаап жибергенин айтты. Ал эми мойнундагы муунтудан калган тырык жана тактарды сабак урунда кокустук болуп кетти деп түшүндүрдү», — деп айтып берди баланын энеси.

Бул окуядан кийин эне баласын борбордон чыгарып кетүүнү чечкенин, бирок директор ошол бойдон кечирим да сурабай, күнөөнүн баарын балага оодарып койгонун билдирди.

«Ал балаң өзү күнөөлүү, шоколадымды уурдап кетип турчу деп айтты. Бирок ал уурлук деген эмне экенин деле түшүнбөсө керек. [...] Ал аял (Исаева) кандай балдар менен иштеп жатканын түшүнбөйт, борбор жабылса болот эле», — деди ал.

Ал эми Бишкектин Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынан тергөөгө чейинки текшерүү башталганын билдиришти. Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы менен директор Элмира Исаеванын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Буга чейин дагы ушул эле коррекциялык борбордо тарбиялынып жаткан балдарга кол көтөрүлөрү айтылган. 2023-жылдын январында соцтармактарда тарбиячы жашы жете элек баланы чыбык менен сабап, эки колдон алып көтөрүп, бутка бир нече ирет тепкени тартылган видео тараган.

Бул факт боюнча милиция кылмыш ишин козгогон.