Ош — Ноокат унаа жолунда эки унаа кагышып, ата-бала көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Ош — Ноокат унаа жолунда эки унаанын кагышуусунан бир үй-бүлөдөн атасы менен уулу каза болуп, жубайы жана 4 баласы жандандыруу бөлүмүнө түштү. Маалыматты «Клоопко» 3-ноябрда Ош облустук жол кайгуул кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 3-ноябрь саат 11-12 чамасында болгон. Hyundai Getz үлгүсүндөгү жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаа кагышып, анын кесепетинен жеңил унаада бара жаткан үй-бүлө жабыркаган. Алар Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов айыл аймагынын тургундары болгон.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы учурда окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдиришти.

Буга чейин, 3-ноябрда ИИМдин коллегиясында министр Улан Ниязбеков жыл башынан бери өлкөдө 4 миң 880 жол-унаа кырсыгы катталып, 489 адам каза болгонун билдирди.

Жол кырсыгынан каза болгондордун 31и жергиликтүү жолдордон ажал тапса, айыл-шаар жана калктуу конуштардагы унаа жолдорунда 99 адам кырсыктан мерт кеткен. Ал эми мамлекеттик маанилүү жолдордон 39, эл аралык жолдордон 320 адам каза болгон.  

ТЕМА БОЮНЧА:

Акыркы тогуз ай ичинде жол кырсыгынан 500гө жакын адам каза болду