Акыркы тогуз ай ичинде жол кырсыгынан 500гө жакын адам каза болду 

Жыл башынан бери өлкөдө 4 миң 880 жол-унаа кырсыгы катталып, 489 адам каза болду. Бул тууралуу 3-ноябрда ИИМдин коллегиясында министр Улан Ниязбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан каза болгондордун 31и жергиликтүү жолдордон ажал тапса, айыл-шаар жана калктуу конуштардагы унаа жолдорунда 99 адам кырсыктан мерт кеткен. Ал эми мамлекеттик маанилүү жолдордон 39, эл аралык жолдордон 320 адам каза болгон.  

Министрэлектросамокаттар катышкан кырсыктар да барган сайын өсүп жатканын баса белгиледи.

«Быйыл 9 айда электросамокаттардын катышуусунда 58 кырсык катталып, 58 адам жаракат алган. Айрыкча, Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунун аймагында орун алып жатканын белгилейм. Айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери начар жүргүзүлгөндүктөн, былтыр 765 айдоочу окуя болгон жерден качып кетсе, быйыл 786 айдоочу качып, бул көрсөткүч 21 учурга көбөйгөн. Аны менен бирге, жол белгилерине баш ийбөө 23%га, адамдарды ташуу эрежесин бузуу 8%га, туура эмес маневр жасоо 16%га, рулда уктап кеткендер 12%га өсүп кеткен. Жол кырсыктарын алдын алуу, өздүк курамдын ишмердигине көзөмөл жүргүзүү начар экендигин билдирем», — деди министр. 

Ниязбековдун айтымында, түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыктан, коом арасында жана өздүк курамдын ичинде ар түрдүү укук, тартип жана мыйзам бузуулар болуп жатат. 

Ошондой эле, кыш мезгили учурунда оор кесепеттер менен коштолгон кырсыктарды болтурбоо максатында «Бишкек-Ош» унаа жолунда 15-октябрдан тартып, кийинки жылдын 1-майына чейин автобус жана маршруттук унаалар менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынганын эскертти. 

Буга чейин, өлкөдө электросамокаттар үчүн жол эрежелери киргизилиши мүмкүн экендиги айтылган болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Абдыш-Ата-2» футбол клубунун 19 жаштагы оюнчусу Абылкасымов жол кырсыгынан көз жумду 

Ысык-Көл: Жол кырсыгынан сегиз киши каза тапты, алардын экөө ымыркай