Ташиев Матраимов жана Көлбаевге байланышы бар 202 мамкызматкер иштен алынганын билдирди

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Чүйдүн Кемин районундагы УКМКнын бөлүмүнүн имаратын ачып жатып, кезектеги жолу коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш тууралуу билдирди.

Ташиевдин айтымында, азыркы бийликтин криминалга каршы күрөшүү боюнча саясаты мурдагы бийликтикинен «өзүнүн формасы жана идеясы» менен айырмаланат.

«Биз мындан ары мамлекетибизде уюшкан уюшкан кылмыштуу топтор болбойт деп бардыгына жаряладык, биз ушул сөзүбүзгө турушубуз керек. Бир эле мисалды айтайын, жакынкы эле күндөрдө биз республика боюнча бардык уюшкан кылмыштуу топторго, коррупцияга, мыйзамдуулукту бузууга катышы бар мамлекеттик кызматкерлерди аныктап чыктык. Бүгүнкү күндө Райымбек Матраимовго байланышы бар 92 мамлекеттик кызматкерди аныктадык, [жол кылынган кримтөбөл Камчы] Көлбаевге байланышы бар 60 кызматкерди аныктадык. Андан сырткары, бажы органдарынан 50 кызматкерди аныктадык. Ошентип, 202 мамлекеттик кызматкер уюшкан кылмыштуу топко, криминалдык элементтерге жана коррупцияга байланыштуу кызматынан алынып жатат», — деп билдириди УКМКнын башчысы бул масштабдуу жумуштун бардыгы «мамлекеттик органдарды тазалоо» экенин белгилеп.

Ташиев УКМКнын кызматкерлерине кайрылып, алардын иши түздөн-түз коррупция жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү менен байланыштуу болушу керектигин белгиледи.

«Ар бир райондо, ар бир айыл өкмөттө, ар бир айыл өкмөттөгү кеңештерде бир дагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү депутат, айыл өкмөт кызматкери, райондук жана облустук министрликтердин кызматкери болуп иштебеши керек. Аларды аныктоо, аларды ачыкка алып чыгуу жана алардын жасаган кылмыштары боюнча жоопко тартуу — биздин түздөн-түз милдет», — деди ал.

УКМКнын башчысы «мындан ары Кыргызстанда Көлбаевдин жана Матраимовдун мафиялары болбосун» дагы кошумчалады.

«Мындан ары мамлекетте Көлбаев деген, Матраимов деген мафия болбойт. Райым Матраимов мындан ары мамлекетте жүрө турган болсо кичинекей гана “Матиз” машинаны минип алып жүрүшү керек. Мындан ары Райым Матраимовдун кланы, байлыгы, анын кылмыштуу түрдө топтогон байлыгы мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып же ички биздин саясий иштерибизге тоскоолдук кыла албашы керек. Себеби, өзүңүздөр билесиздер, ачык эле айтыш керек, [мамлекеттик] кызматкерлер, анын ичинде УКМКнын кызматкерлери дагы ошолордун акчасына “сатылып кетишкен”. Ошолордун акчаларына берилип кеткендер бар. Алардан акчасына кызмат көрсөтүп жүргөндөр бар. Дагы бир жолу баса белгилеп айтып кетейин, биздин мамлекетте мындан ары, Көлбаевдин мафиясы, Райым Матраимовдун мафиясы жана башкалардын мафиясы болбойт. Мамлекетибиз таза, мыйзамдуу, туруктуу жана тынч заманда жашашы керек. Мамлекетибизде жөнөкөй адамдар, өз эмгеги менен кызмат кылган адамдар, өз эмгеги менен акча тапкан бизнесмендер жана өз эмгеги менен мамлекетке кызмат кылып аткан мамкызматкерлер жакшы жашашы керек. Биз ал үчүн шарт түзүшүбуз керек», — деп жыйынтыктады сөзүн Ташиев.

Буга чейин, 18-октябрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев жана коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алган экс-бажычы Райымбек Матраимов менен байланышы бар 50гө жакын кызматкер Бажы кызматындагы кызматтарынан бошотулганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, алар Көлбаев жана Матраимов менен «жакын байланышта болгон».

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Kloop кыргызча (@kloopkyrgyz)

Атайын кызмат 4-октябрда атайын операция учурунда каршылык көрсөткөнү үчүн жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн соң, түрдүү кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо иштерин күчөтө баштаган.  

Райымбек Матраимов 2015-жылдан 2017-жылга чейин Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон. Бул тууралуу 2020-жылы «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP’нин журналисттери бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөөсүндө айтып беришкен.

2021-жылдын башында Биринчи май райондук соту Матраимовду коррупцияга күнөөлү деп таап, ага 260 миң сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарган. Бажы төрагасынын экс-орун басары өзү да коррупцияны мойнуна алып, бюджетке келтирилген зыян үчүн 2 млрд сом төлөгөн.

Тема боюнча: