Президент өлкөдө коррупция 90%га жоюлганын билдирди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупция 90%га жоюлганын белгилеп, тышкы карыз төлөнүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 4-ноябрда фейсбук барагына жазды.

Анын айтымында, 2020-жылга чейин өлкөнүн 5 миллиард доллардын тегерегинде карызы болсо, анын башкаруу мезгилине карызды үстөгү менен төлөө туш келген.

«Каатчылыктарга карабай, өз убагында төлөп келе жатабыз. Өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуп турса, мындан ары да төлөп кетүүгө толук күчүбүз жетет. Анткени бюджетибизди 2020-жылга чейинки убакытка караганда үч эсе көтөрүп алдык», — деди ал.

Президент коррупция 90%га жоюлганы үчүн бюджет көтөрүлүп жатканын кошумчалады.

Ошондой эле ал карызды төлөө менен бирге эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдун да көлөмү жогорулап, бир нече жакшы иштер аткарылып жатканын белгиледи.

Transparency International эл аралык уюмунун 2022-жылга карата коррупциянын деңгээли боюнча рейтингинде Кыргызстан 2021-жылдагыдай эле 100 баллдын ичинен 27 балл алган. Башкача айтканда 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээлеген.

Өлкө акыркы орунга канчалык жакын болсо, коррупциянын деңгээли ошончолук жогору дегенди түшүндүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча рейтингде 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи

Садыр Жапаров: Тышкы карызды төлөп салууга кудуретибиз жетет, аны мөөнөтүнөн мурда төлөө бизге пайдасыз