Садыр Жапаров: Тышкы карызды төлөп салууга кудуретибиз жетет, аны мөөнөтүнөн мурда төлөө бизге пайдасыз

Садыр Жапаров. Сүрөт: «Кабар» мамлекеттик агенттиги

16-майда «Кабар» мамлекеттик агенттиги президент Садыр Жапаровдун өлкөнүн тышкы карызы боюнча берген маегин жарыялады. Анда ал «карызды төлөп салууга кудуретибиз жетет» деп, «бирок аны мөөнөтүнөн мурда төлөө бизге пайдасыз» деп билдирди.

«Азыркы учурда тышкы карызды төлөп салууга биздин кудуретибиз жетет. Бирок, айта кетчү нерсе алынган тышкы карыздын дээрлик бардыгы 20 жылдан 40 жылга чейин жеңилдетилген, пайыздык чендери 0,75%дан 2%га чейинки кредиттер болуп саналат. Карызды алып жатканда мөөнөтүнөн мурда төлөй турган болсок, анда алган сумманын үстүнө дагы кошумча пайыз төлөө милдеттемелери коюлуптур. Ошондуктан, карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу бизге пайдасыз», — деди ал.

Президенттин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 31-мартына карата мамлекеттин тышкы карызы 4,5 млрд долларды түзгөн. Ал «алардын баарын мөөнөтүнөн кечиктирбей төлөп жатабыз» деп ишендирди.

Жапаров белгилегендей, 2022-жылы 33,6 млрд сом карыз төлөнгөн. Быйыл 48,6 млрд, 2024-жылга 64,7 млрд, 2025-жылга 75,1 млрд сом төлөө каралган.

«Мамлекетибиз эгемендик алган жылдар аралыгында алынган карыздардын эң көп бөлүгүн эми биз төлөп жатабыз. Эгер ушул акчалардын баарын карызга төлөгөндүн ордуна социалдык жана башка иштерге жумшаганыбызда, бүгүнкү жасалып жаткан иштерден жүз эсе жакшы иштерди жасамакпыз», — дейт өлкө башчысы.

Садыр Жапаров учурда алынып жаткан насыялардын көпчүлүгү мурда кол коюлган келишимдердин негизинде бүгүнкү күнгө чейин келип жатат деп билдироди. Ал «насыяларды экономиканы өнүктүрүүгө багытталган приоритеттүү долбоорлорго жумшап жатабыз» деп ишендирди.

Ошондой эле ал «алынып жаткан насыялар жана гранттардын максаттуу жумшалышын 1 тыйынына чейин көзөмөлдөп жатам деп» айтты.

«Мурда алынган кредиттерге завод-фабрикалар, ири киреше алып келе турган ишканалар курулганда, азыр анын кирешесин алып, жемишин көрмөкпүз. Тилекке каршы, миллиарддап алынган кредиттердин көпчүлүгүнүн дайыны жок, карыздын үстүнө карыз болуп үйүлүп келе берген. Азыр экономикабыз кубаттуу болуп калды, мамлекеттин ички дүң продукциясынын көлөмү быйыл 1 триллиондун тегерегине жетсе, 2027-жылга 2 триллиондон ашат деп болжоп жатабыз», — деди Жапаров.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акылбек Жапаров: Тышкы карызды азыр да төлөп койсок болот, бирок эрте төксөк үстөгү көбөйүп кетет

Европа банкы өлкөнүн тышкы карызын «жашыл» долбоорлорго алмаштыруу сунушун караштырууга даяр

Украинадагы согуштун кесепети. ЭВФ Кыргызстанда жакырчылык жана мамкарыз көбөйөт деп болжоду