Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча рейтингде 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи

Transparency International уюму 2022-жылга карата Коррупцияны кабылдоо боюнча жылдык отчётун жарыялады. Уюмдун отчётуна ылайык, Кыргызстан былтыркы жыл үчүн 2021-жылдагыдай эле 100 баллдын ичинен 27 балл алган.

Республика рейтингде 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээлеген. Өлкө акыркы орунга канчалык жакын болсо, коррупциянын деңгээли ошончолук жогору дегендик. Пакистан дагы ушундай эле балл алган.

Өзбекстан — 31, Казакстан —36, ал эми Тажикстан 24 балл алган.

2022-жылга карата Коррупцияны кабылдоо индекси.

Transparency International уюму Кыргызстанда демократиянын деңгээли коңшу өлкөлөргө караганда жогорураак, бирок «өлкө акырындык менен авторитаризмди көздөй баратат» дейт.

«Мындан улам тең салмактуулук системасынын алсырашы бийлигине чиренгендердин жазасыз калуу жана кыянаттыктары үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кыйла кеңейтип жатат. Өкмөт былтыркы жылы пикир айтуу жана жарандык коомдун эркиндигин басмырлаганы ого бетер тынчсыздантып турат», — деп айтылат отчётто.

Уюмдан Кыргызстан он жылдан бери «эч эле 30 баллдан жогору деңгээлге чыга албай келе жатканын» дагы белгилешти.

«Көп жылдардан бери мамлекетте туруктуу өнүгүүнүн түрдүү улуттук программалары, коррупцияга каршы стратегиялар иштелип чыккан, бирок анын көбү ишке ашпай калган, башкысы, алардын аткарылбаганы үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Алардын пикиринде, Кыргызстанда коррупциянын деңгээли ушунчалык жогору болуп кеткенине аткаминерлерге бийликти аша чаап пайдаланууга, мамлекеттик кызматка туугандарын жана жакын кишилерин алып келүүгө мүмкүнчүлүк бербей турган олуттуу чектөөлөрдүн жоктугу себеп болгон.

«Андай чектөөлөрдүн жоктугу мамлекеттик башкаруунун сапатын төмөндөтүп, бийлик үстөмдүгү принцибинин чабал тамырланышына алып келген», — деп белгилешти Transparency International уюмунудагылар.

2022-жылдын ноябрынын аягында президент Садыр Жапаров бийлик «кустуруу» деп аталган күрөштүн натыйжасында 15 млрд сомдон ашык өндүргөнүн билдирген. Бирок Финансы миистрлигин бул убакытка карата маалыматына ылайык, 2020-жылдан тартып коррупцияга каршы күрөштөн республикалык бюджетке болгону 7,8 млрд сом түшкөн.

Быйыл аянварь айынын башында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров «коррупцияны толук жок кылуу мүмкүн эмес болсо да деңгээлин мүмкүн болушунча азайтса болот, ал үчүн бийлик башында турган адамдар таза болушу керек» деп айткан.

«Азыр биз мамлекетибизди акырындан ичинен жеп жаткан негизги залалдуу шишикти алып койдук, эми калган метастаздары менен күрөшүү жеңил [болот]», — деген Жапаров.

Transparency International уюму жыл сайын жарыялаган Коррупцияны кабылдоо индексти дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттик тармактагы коррупцясынын деңгээлин өлчөйт. Индекс бүткүл дүйнө боюнча көз карандысыз уюмдар эксперттер менен жеке ишкерлерден араcында жүргүзгөн сурамжылоонун негизинде түзүлөт. Отчёт 1993-жылдан бери жарыяланып келет.

2022-жылы Коррупцияны кабылдоо индексинде тизменин сап башына Дания (90 балл), артынан эле Финляндия менен Жаңы Зеландия (87 балл) чыкты. Алардан кийин эле Түштүк Судан (13 балл), Сирия (13 балл) жана Сомали (12 балл) турат.

Улуттук статистика комитетинин 2022-жылдын экинчи жарым жылдыгынын жыйынтыгына карата маалыматына ылайык, кыргызстандыктар эң эле коррупциялашкан органдар деп Саламаттык сактоо министрлигин, ИИМди жана Мамлекеттик курулуш башкармалыгын аташкан.