Садыр Жапаров: ЖМК кызматкерлеринин жарандык позициясын жогору баалайбыз

Президент Садыр Жапаров 7-ноябрда маалымат жана басма сөз күнүнө карата билдирүү жасады. Өз сөзүндө Жапаров «жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин жигердүү жарандык позициясын жогору бааларын» белгиледи.

«Заман жүгүнө жараша басылмалардын мүмкүнчүлүктөрү да кеңейүүдө, Интернет аркылуу окурмандардын саны да артууда. Мындай шартта жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин коом турмушунда болуп жаткан окуяларды чагылдыруудагы жоопкерчилиги дагы күчөйт.

Анткен менен көп кылымдык басма салты жана ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарынын басып өткөн тарыхы жоголгон жок деп ишенем. “Төртүнчү бийликтин” күчү буга чейин да замандын кубаттуу кыймылдаткычы болуп келген, мындан ары да болуп кала берет», — деди Жапаров.

Президент журналисттер күнүн жалпы майрам деп атаса болорун, себеби «азыркы коомду маалыматсыз, маалымат каражаттарысыз, болуп жаткан окуяларга кесипкөй көз карашсыз элестетүү кыйын» деп белгиледи.

«Урматтуу курч калем ээлери, ар дайым калыстыктан тайбай, тараптардын кызыкчылыктарын тең салмактап, коомдо адилет пикирди жаратууңуздарга тилектешмин. Ар бир сөзүңүздөр окурмандардын, көрүүчүлөрдүн, угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапсын», — деди ал.

Бийлик өлкөдө сөз эркиндигине эч кандай басым-кысым жоктугун, Кыргызстан мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин карманарын, ал эми адам укуктары жана эркиндиктери — өлкөдөгү эң жогорку баалулуктардын бири экенин көп эле айтып келет

Бирок ал арада өлкөдө сөз эркиндигине басым күчөп, ЖМКнын ишмердүүлүгүнө каршы мыйзамдар катаалдашып жатат. Алсак, «Клооптун» сайтты бүгүнкү күнгө чейин бөгөттөлүү, шаардык прокуратуранын «Клоопту» жоюу боюнча доосу дагы деле актуалдыгын жогото элек, ал эми парламент болсо тез аранын ичинде Орусияныкына окшогон «чет элдик тыңчы жөнүндө» мыйзамды кабыл алууга шашылууда.

Ал эми эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму ЖМК, коммерциялык эмес уюмдар жана жарандык секторго карата басымды, анын ичинде активисттердин кармалышын айтуу менен «бийлик сынчыл ой жүгүрткөндөрдүн үнүн басууга бет алды» деп эсептейт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде 122-орунда турат, быйыл өлкө 50 позиция артка кеткен.