Маданият Министрлиги «Клооптун» арызын четке кагып, сайтты бөгөттөө чечимин күчүндө калтырды

Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу башында турган Маданият министрлигинин Комиссиясы «Клооптун» сайтын бөгөттөө тууралуу басылманын ведомствонун чечимине карата берген административдик арызын канааттандыруусуз калтырды. Мындай чечимди Комиссия 19-октябрдагы жыйында кабыл алды.

Чечимдин аргументациясын «Клооп» эки иш күндүн ичинде алат.

«Клооптун» сайтын бөгөттөө чечими 12-сентябрда күчүнө кирген. «Клооптун» сайтын бөгөттөөгө  «Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады» деген материалы негиз болгон. Макаланын үстүнөн Маданият министрлигине УКМК арызданып кайрылган. Атайын кызмат материал «чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет» деп эсептейт.

Ошол эле маалда Жээнбеков тууралуу жаңылыкта саясатчынын кыйноого кабылганы жөнүндөгү билдирүүсүн четке каккан ЖАКтын позициясы көрсөтүлгөн. Ал эми УКМКнын өзүнүн басма сөз кызматы бул боюнча расмий төгүндөөсүн 9-сентябрда гана — башкача айтканда «Клооптун» үстүнөн арыз түшкөндөн эки күн өткөндөн кийин тараткан. Ошондой эле саясатчынын билдирүүсү чыккандан бир жумадан ашык убакыт өткөндөн кийин гана чыгарган. Аны Кыргызстандын бир катар басылмалары да тараткан.  

«Клооп» УКМКнын төгүндөөсүн» кыргыз жана орус тилдеринде чыгарган.

Сайтты бөгөттөө менен катар «Клоопту» юридикалык жакты жабуу коркунучу тооруп турат. 28-августта Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арызын бергени маалым болгон. Документте доонун себеби катары басылма «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылган. 23-октябрда бул доо арыз боюнча баштапкы угуулар улантылат.

Ошол эле маалда документтин чоң бөлүгү таптакыр башка темага арналган — «Клооптун» макалалары Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жаткан имиш.

Бирок, «Медиа полиси институтунун» юристтери менен Кыргызстандын медиакоомчулугу шаардык прокуратуранын доо арызынын «күчү жок» деп эсептейт. Алар бир катар эл аралык уюмдардын катарында эле республиканын бийлигине кайрылып « “Клоопко” карата куугунттукту токтотуп» жана доо арызды чакыртып алууга үндөгөн билдирүү менен чыгышкан.

Кыргызстандагылар «Клоопту» кантип окуса болот?

Анын бир нече оңой ыкмасы бар. Биздин сайттын бөгөттөлбөгүдөй күзгү версиясын бар, ага оңой эле кирип окуй берсе болот (чындыгында анын функционалына бир аз чектелүү болгону менен акыркы материалдарды толук кандуу окуса болот).

Биздин макалаларды «Клооптун» социалдык түйүндөрдөгү барактарынан дагы эч тоскоолдуксуз окуп жана көрсө болот. 

Мындан тышкары, бөгөттө турган кайсы гана сайт болбосун VPN (Virtual Private Network) технологиясы аркылуу окуса болот. Кыскача айтканда, бул виртуалдык жеке тармактар, алар интернетти кимдир бирөөгө көрүнүп калбастан байкалбай колдонууга мүмкүндүк берет.  

Смартфон жана планшеттер үчүн:

Windscribe — Top10VPN’дин версиясы боюнча 2023-жылдын эң мыкты акысыз VPN-сервиси. Аны болгону телефонго жүктөп алып, каттоодон өтүп, колдоно берсе болот. Акысыз трафиктин саны чектелүү, андыктан VPN аркылуу сериал көрбөй эле койгон оң.

Компьютерлер үчүн:

Бул жерде смартфондордукунан да оңой десек болот. Себеби ичинде VPN’и бар  браузерди орнотуп алган жетиштүү. Мисалы, Mullvad Browser — ушундай эле аталыштагы VPN-сервистин продукциясы. Керектүү сайттарды ушул браузер аркылуу ачып алып окуй бересиз!

Аны Windows жана MacOS үчүн орнотуп алса болот. Мисалы, сиз Firefox браузерин колдонсоңуз, ага Mullvad кеңейтмесин орнотуп коюу жетиштүү. 

Эгер сизде акылуу VPN-сервистерин колдонууга мүмкүнчүлүк бар болсо, анда ошондой эле кылганыңыз жакшы. Себеби алар тез иштейт жана акысыздарына караганда коопсузурак болот.   

Тема боюнча окуңуз: «Клооп» макаланы өчүрбөйт. Коркутууларга карабай бийликтин адилетсиздигине каршы күрөшөт

Башкы беттеги иллюстрация: Татьяна Зеленская.