Баткенде 27 жаштагы чек арачы оор жаракатынан улам каза тапты

Баткенде келишимдик негизде кызмат өтөгөн 27 жаштагы чек арачы оор жаракатынан улам көз жумду. Бул тууралуу 9-ноябрда УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 8-ноябрда атайын спорттук машыгуу учурунда баш сөөгүнөн оор жаракат алып, Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Чек ара кызматы аскер ооруканада «дарыгерлердин аракетине карабай» каза болгонун маалымдашты. 

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери башталды.

Буга чейин, февралда Баткен облусунда кызмат өтөп жаткан 21 жаштагы аскер кызматташы атып алган октон каза тапкан

Аскерге тез жардам көрсөтүлүп, Баткен шаардык ооруканасына жеткирилген. Бирок ал алган жараатынан улам каза тапкан.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде кызмат өтөп жаткан 21 жаштагы чек арачы октон каза тапты

Баткен: Чек арачы белгисиз заттын жарылуусунан жаракат алып, ооруканага жеткирилди