Баткен: Чек арачы белгисиз заттын жарылуусунан жаракат алып, ооруканага жеткирилди

Баткен облусунда кызмат өтөп жаткан чек арачы белгисиз заттын жарылуусунан улам бутунан жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу 26-февралда УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарылуу 25-февралда Баткен районундагы аскер бөлүгүндө автоунааларды текшерүү пунктундагы мешти жылытуу учурунда болгон.

Аскер Раззаков шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын абалын орточо деп баалап жатышат.

Чек ара кызматы жарылуу боюнча иликтөө иштерин баштады.

Ал эми 24.kg басылмасы өздүк булактарына таянып, катардагы жоокер унааны текшерип, от алдырганда жарылуу болгонун жазды. Басылманын маалыматына ылайык, жабырлануучу аскерге өткөн жылдын күзүндө чакырылган.

Буга чейин, 21-февралда УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусунда 21 жаштагы аскер октон каза болгонун билдирген. Анда чек ара бекетиндеги 26 жаштагы чек арачы АК-74 автоматын этиятсыздык менен пайдаланып, 21 жаштагы аскерди «капыстан атып алган».

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде кызмат өтөп жаткан 21 жаштагы чек арачы октон каза тапты