Баткенде кызмат өтөп жаткан 21 жаштагы чек арачы октон каза тапты

Баткен облусунда кызмат өтөп жаткан 21 жаштагы аскер кызматташы атып алган октон каза тапты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы 21-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, Баткендеги чек ара бекетинде 26 жаштагы чек арачы АК-74 автоматын этиятсыздык менен пайдаланып 21 жаштагы аскерди «капыстан атып алган».

Аскерге тез жардам көрсөтүлүп, Баткен шаардык ооруканасына жеткирилген. Бирок ал алган жараатынан улам каза тапкан.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө, жерине Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жөнөп кетишти.

Өткөн жылдын 18-августунда Коргоо министрлиги Бишкектеги Аскердик институтта 19 жаштагы аскер каза болгонун билдирген. Министрликтен аскер кароол кызматында туруп «өзүн атып алганын» айтышкан.

Ал арада Коргоо министри Бактыбек Бекболотов окуя боюнча «Азаттыкка» комментарий берип, «Куралдуу күчтөрдөгү болгон окуяларды министрликтин дарегине кошо берүү туура эмес» деп билдирген. Ал акыркы окуялар — жаш балдардын аскерге даяр эместиги деп эсептеген. Окуядан кийин президент Садыр Жапаровго Бекболотовго «катуу сөгүш» берген.

Ал эми 17-августта, Ош шаарындагы Ички иштер министрлигинин 703-аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн аскер каза болгон. Окуя болгон күнү эртең менен текшерип-өткөрмө пунктунда турган аскер «жыгылып түшүп», ошол бойдон турбай калганы айтылган.

Соттук-медициналык экспертиза маркумдун денесинде зомбулуктун белгилери болгон эмес деп көрсөткөн. Жоокер жүрөк оорудан каза болгонубожомолдонгон.

Ал эми июль айында Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүнүн бир жоокери октон каза болгон. Коргоо министрлиги жоокер курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыгарып алганын айткан.

Ошол эле айда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде мөөнөттүк негизде кызмат өтөп жаткан жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Жоокердин апасы уулу аскер бөлүгүндө акчанын айынан сабалганын билдирген.

Биринчи май райондук соту 8-августта Эсенбековдун катуу сабалышы боюнча кылмыш ишин токтоткон. Соттун маалыматына караганда, тараптар элдешкен.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топ акыркы 5 жыл ичинде катталган жоокерлердин өлүмү, өз жанын кыюу, сабалышы боюнча фактыларды чогултуп, талдоо жүргүзмөй болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Аскердик институтта кароолдо турган жоокер «өзүнө ок чыгарып» каза болгону айтылды

Дагы бир жоокер октон каза тапты. Туугандары аскер өзүн-өзү атып алды дегенге ишенбейт

УКМК: Куралды этиятсыз колдонуудан улам бир аскер каза болуп, дагы бири жарадар болду