Кармалган унаа. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы
Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу экс-премьер министр Сапар Исаковго ок өтпөс Mercedes тартуулаган, ошол унааны 2020-жылдын 5-октябрында аянтта башаламандык болгондо колдонгон деген УКМКнын билдирүүсү документтер менен тастыкталган жок. Исаков башаламан окуялардын эртеси түрмөдөн чыккан, демек ал окуяларга аралашуусу мүмкүн эмес эле. Атайын кызмат тараткан видеодон алынган скриншот, кеп болуп жаткан унаа мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдики болушу мүмкүн экенин айтып турат. Анда эмнеге бийлик Сапар Исаковду маркум Көлбаев менен байланыштырып жатат? Бул потенциалдуу саясий атаандаштан арылуу аракети болушу ыктымал.

30-октябрда, мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев Бишкекте табышмактуу жагдайда жок кылынган күндөн бир ай өткөндөн кийин Улуттук коопсуздук комитети президент Садыр Жапаров менен үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев бийликке келген 2020-жылдын октябрь окуяларын эстеп отурат. 

 

УКМК кыргыз балбаны Мурат Рамоновду Көлбаевдин активдерин көзөмөлдөйт деп сыпаттап, ал кримтөбөлдөн алган кара түстөгү ок өтпөс Mercedes-Benz S600 унаасын мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго өткөрүп берген деп маалымат таратты. Атайын кызмат, унаа Исаковго абактан чыкканда тапшырылган деп билдирди. УКМКнын айтымында, Исаков жана башка аты  аталбаган саясатчылар бул унааны 2020-жылдын 5-октябрында Бишкектин Ала-Тоо аянтында «массалык баш аламандык уюштуруу аракетинде пайдаланган».   

«Клооп» бул пресс-релизди карап чыгып, бир катар дал келбестиктерди аныктады.

Абакта отуруп, аянтта жүрүптүр 

Чындап эле, 2020-жылдын 5-октябрында Ала-Тоо аянтына парламенттик шайлоонун жыйынтыгы адилетсиз болду дегендер чогулуп митинг өткөрүп, тынч чогулуш акырында массалык башаламандыкка айланып кеткен. Бирок экс-премьер министр Сапар Исаков деле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана азыркы президент Садыр Жапаров сыяктуу абактан митингдин эртеси — 2020-жылдын 6-октябрында бошонуп чыккан. Исаков анда Бишкектен 23 километр алыс Молдованов айылындагы абакта отурган. Демек, ал 5-октябрдагы митингге катыша да алмак эмес. 

Баса, Садыр Жапаров дагы Ала-Тоо аянтына чогулган элдин алдында 6-октябрда, бошоп чыккан күнү барып сүйлөгөн. Ал эми Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаков ошол эле аянттагы эл менен 9-октябрь күнү — Атамбаевдин тарапташтары, оппозициячыл партиялар жана активисттердин митингинде гана жолуккан. Алтургай, ошол күнү ЖМКлар митингчилерге «Садыр!» деп кыйкырган жаалданган топ кол салып, белгисиз бир киши Атамбаев бараткан ок өтпөс Mercedes унаасына ок чыгарганын жазышкан болчу.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от АКИпресс - Новости Кыргызстана (@akipress)

Ошол эле күнү, 2020-жылдын 9-октябрында, Алмазбек Атамбаев машинеге тийген октун издерин камерага көрсөтүп, жасалма эле желим ок эмес, кадимки от менен атышканын айткан. Мурдагы президент аны өлтүрүү аракети болду деп болжогон. Дагы бир башка видеодо Атамбаев унаанын арткы эшигиндеги октун издерин көрсөтүп, «мен отурган тушка атыптыр» деп айтканы бар.

2020-жылы тартылган видеодо мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ок өтпөс кара Mercedes’ти «менин машинем» деген. Бирок азыр УКМК автоунааны Камчы Көлбаев Сапар Исаковго тартуулаган деп жатат. Унаанын тушунда Исаков турган сүрөт ушул видеодон кыркылып, кийин УКМК пресс-релизге кошуп тараткан (видеонун 16-секунду):

УКМКнын пресс-релизинен алынган сүрөт. «КР экс-премьер-министри С.Исаковго К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан белекке берилген кымбат баалуу брондолгон унаа кармалды», — деп айтылат анда.

Башкача айтканда, Атамбаев «меники» деп жаткан кара Mercedes Көлбаев менен Исаковго таандык деп жатышат.

Ошол эле учурда, 2020-жылы тартылган дагы бир видеодо Сапар Исаков өзү да унаасына ок атылганын билдирген. Бирок ал таптакыр башка Mercedes’тин, корпусуна тийген октун издерин көрсөткөн: кара түстөгү жолтандабас Mercedes-Benz Gelandewagen.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от КАБАРЛАР — Новости Кыргызстана! (@kabarlar.kg)

Ошондо, брондолгон унаа кимдики?

УКМК унаа кимге катталганын так айтпай жатат. Биз анын Сапар Исаковго белекке берилгенин тастыктаган далилдерди тапкан жокпуз, бирок унаанын каттоосу жөнүндө маалымат берүүнү суранып УКМКга расмий кат жолдодук.

Ал эми учурда Испанияда делип аткан Алмазбек Атамбаевден «Клооп» комментарий ала алган жок. Мурдагы президенттин уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев комментарий берүүдөн баш тартты. Сапар Исаков менен да байланыша албадык. Ал Москвада жашап жатканы божомолдонгон: депутат Атазов парламент жыйынында Исаков Москвада ресторан салып жатат деп билдиргени, бирок мурдагы премьер бул маалыматты четке какканы бар.

«Эгер Москванын кандайдыр бир кызыкчылыгы болсо…»

УКМКнын акыркы билдирүүлөрү, анын ичинде тагдыры татаал Mercedes тууралуу пресс-релиз Кыргызстанда кылмыштуулукка каршы айыгышкан күрөш жүрүп жатат деген дымак менен берилип жатат. Бул албетте криминалга каршы күрөш колдоого ала турган жагдай. Саясатчылар менен чиновниктер чындап эле уюшкан кылмыштуулук менен байланышкан. Бирок, УКМК 2020-жылдын 5-октябрь окуясын 9-октябрдагы окуялар менен адаштырып алган деп болгой турган болсок деле, мекеменин билдирүүлөрү реалдуулук менен дал келбей жатканы Исаковду Көлбаевге «жармаштырып» жаткандай элес калтырат экен. 

Борбор Азиядагы Америка университетинин «Эл аралык жана салыштырма саясат» программасынын жетекчиси Медет Төлөгөнов бийлик «мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн иштеринин терс кесепеттерине каршы күрөштү» көрсөткүсү келип жатат деп эсептейт. Сапар Исаков азыркы бийликке коркунуч деле туудурбайт деп эсептейт Төлөгөнов. «Мурда Сапар Исаков аткаминердик кызматтык тепкичтер менен өйдөлөгөн мамлекеттик кызматкер болгон, бирок эч качан өз алдынча саясатчы болгон эмес», — деп ой толгоду Төлөгөнов.

Саясат талдоочу Эмил Жороев жоболоңдуу автоунаанын тагдыры менен 2020-жылдагы окуяларды эскерүүү бийлик үчүн — «потенциалдуу атаандаштардан арылуунун» бир ыкмасы гана деп божомолдойт. Ал Сапар Исаковго «олутту күчтөр» эле жардам бере баштабаса анын саясаттагы келечеги көңүл жылытарлык деле эмес деген божомолго кошулат. Анын айтымында, учурда кыргыз коомчулугунда Москвада жашап жүрөт делген Исаков «азыркы бийликке атаандаш болууга жөндөмдүү» фигуралардын бири деген сөздөр көп.

«Кыргызстанда, эч ким айтпаса деле, эгер Москва кызыктар болсо, эгер Москва кайсыл бир окуянын өзүнө жаккандай чечилишин кааласа, анда анын таасир этүүчү рычагдары көп деген түшүк бар», — дейт Жороев. — Жана ушул түшүнүктөн улам, жада калса Сапар Исаков сыяктуу саясий салмагы аз адам, эгер Москванын буга кызыкчылыгы болсо, кандайдыр бир мүмкүнчүлүгү болушу мүмкүн деп тыянак чыгарса керек».