УКМК: Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Сапар Исаковго кымбат баалуу унаа берген

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кымбат баалуу брондолгон унаа бергени аныкталды. Бул тууралуу 30-октябрда УКМКдан билдиришти.

Бул иш боюнча белгилүү спортчу, грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаттарынын бир нече жолку байге ээси, Олимпиада оюндарынын катышуучусу Мурат Рамонов кармалды.

УКМК тараткан маалыматта Рамонов Көлбаевдин кылмыштуу жол менен алынган мүлктөрүнүн мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында өзүнө каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп бергени айтылат.

«2020-жылдын октябрь айында Рамонов 2015-жылы чыккан “Мерседес-Бенц S600” брондолгон унаасын экс-премьер-министр Сапар Исаков абактан чыкканда өткөрүп берген. Ошол эле жылы, 5-октябрда Исаков айрым саясатчылар менен биргеликте бул унааны борбордук “Ала-Тоо” аянтында массалык баш аламандык уюштуруу аракетинде колдонгон», — дешти атайын кызматтан.

Сапар Исаков деген ким?

Сапар Исаков 2017-2018-жылдары премьер-министр болгон. 2019-жылы Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция иши боюнча 15 жылга соттолгон.

Кийинчерээк Исаковго тарых музейди жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоодогу коррупция боюнча айып тагылган. Жалпысынан ал 18 жылга эркинен ажыратылган.Исаков 2020-жылы 6-октбярга карган түнү колониядан бошотулган. Анда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылар Ак үйдү басып алып, андан кийин саясатчыларды колония жана ТИЗОдон бошотуп чыга башташкан.

Колониядан чыккандан кийин Исаков түзөтүү жайына кайра кайтып келген эмес — Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 2020-жылдын 13-октябры — мурдагы өкмөт башчысы Исаков үчүн абакка кайтып келүүнүн акыркы күнү экенин билдирген. Исаков кайтып келбегендиктен «абактан качуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

2020-жылдын 26-октябрында ЖАМК Исаковго эл аралык издөө жарыяланганын билдирген. Исаков кайда экени бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сырдуу өлүм. Көлбаевдин өлтүрүлүшү Жапаров менен Ташиевдин чырын кантип ачыктады

«Мүлкү 1 млрд доллар». УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобунун кырктан ашык мүчөсү кармалганын кабарлады