Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов тил кат менен бошотулду

Ахрор Иминов. Сүрөт: «Кыргызстан» саясий партиясынын басма сөз кызматы

Биринчи май райондук сотунун 16-ноябрдагы чечими менен Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминовдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Ал 4-декабрга чейин эч жакка чыкпоо жөнүндө тил каттын негизинде бошотулду. Маалыматты 23-ноябрда «Клоопко» соттун басма сөз кызматы тастыктады.   

Иминов 11-октябрда кармоо учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелип кармалган. Ага «Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу» беренеси менен иш козголуп, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Ал жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө катышып, алардан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы кассасына “салык” деп аталган нерсени (болжол менен пайданын 30%ын) чогултууга катышканы аныкталды», — дешкен болчу атайын кызматтан.

ТЕМА БОЮНЧА: 

УКМК грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президентин кылмыштуу топту каржылоого шектеп кармады

Көлбаевдин 700дөн ашуун батири мамлекетке өттү