Көлбаевдин 700дөн ашуун батири мамлекетке өттү

Октябрда атайын операция учурунда жок кылынган маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык болгон 720 батир мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу 22-ноябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Медер Машиев билдирди.

Директордун орун басары бул салынып бүтө элек батирлер экенин жана алар эксплуатацияга 2027-жылы берилерин айтты. 

Батирлерден тышкары, мамлекеттин эсебине УКМК конфискация кылган Көлбаевдин автопаркындагы машиналар да өткөн. Андан соң Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттиги машиналар аукционго коюлганын билдирген

Көлбаевдин өлүмү 

4-октябрь күнү кечке маал УКМКнын кызматкерлери атайын операциянын жүрүшүндө кримтөбөл Камчы Көлбаевди жок кылышкан. Коопсуздук комитеттин маалыматына ылайык, атайын кызмат Көлбаевдин «Дөө-Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун былтыр июлда ТИЗОдо өлтүрүлүшүнө катыштыгын иликтеп жаткан. Ошондой эле УКМК ишкерлердин мүлкүн өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз ээлеп алуу фактылары боюнча кылмыш иштерин иликтеп жатат. 

Кийин атайын кызматтан «криминалдык империянын» масштабын айтышкан. Ведомствонун маалыматы боюнча, Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен алынган бардык мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 млрд АКШ долларды түзөт, алар камакка алынды.УКМК аларды мамлекеттин кирешесине которуу ниетин билдирген.

Ошондой эле УКМК Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча кылмыш ишинин алкагында топтун 40тан ашык активдүү мүчөсү жана лидерлери кармалганын айткан.

Көлбаевдин өлүмүнөн соң УКМК маал-маалы менен кримтөбөлдүн башка кишилердин наамына катталган мүлктөрү табылып жатканын да кабароодо.