УКМК грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президентин кылмыштуу топту каржылоого шектеп кармады

Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелип кармалды. Бул тууралуу 11-октябрда УКМКдан кабарлашты.

«Ал жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө катышып, алардан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы кассасына “салык” деп аталган нерсени (болжол менен пайданын 30%ын) чогултууга катышканы аныкталды», — дешти атайын кызматтан.

Иминовго «Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу» беренеси менен иш козголуп, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин, 9-октябрда «Мадина» базарынын ээси, мурдагы депутат Турсунтай Салимов да Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого жана бир нече оор кылмыштарга айыпталып кармалган. Биринчи май райондук соту аны 4-декабрга чейин камакка алды.

4-октябрда мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Атайын кызматтан аны кармоого уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгонун айтышкан.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө, анын ичинде Көлбаевдин жакын чөйрөсүнө кайрылып, «эгер кимдир бирөө баш көтөрчү болсо, мыйзам чегинде катуу жазаланат» деп эскерткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: «Мадина» базарынын ээси Салимов Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылап келген