Колу сынган бейтаптын өлүмү. Министр Бейшеналиев оорукананын эки кызматкерин иштен алды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев

Колу сынып ооруканага түшкөн бейтап көз жумган Бишкектин тез жардам ооруканасына 23-ноябрь күнү Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев барганы кабарланды

Министр 38 жаштагы тургундун өлүмүнөн кийин башталган кызматтык иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы менен таанышып, оорукананын бөлүм башчысы менен дарыгерди убактылуу кызматынан четтетүүнү тапшырды.  

7-ноябрда колу сынып, Бишкектеги 4-шаардык ооруканага кайрылган соң каза болуп калган Азамат Асанкожоевдин жакындары буга «дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болгонун» айтып чыгышкан. Ошондой эле алар тишелүү дарыгерлерди жоопко тартууну суранып, прокуратурага арызданышкан.

Ал эми оорукананын жетекчилиги 22-ноябрда «Кактус» басылмасына бейтап дарыгерлердин сунушуна карабай операциядан жана ооруканага жатуудан баш тартканын билдиришкен

ТЕМА БОЮНЧА: 

Бишкек: Дарыгерлердин шалаакылыгынан 38 жаштагы киши каза болгону айтылууда

Төрөтканада акыреги сынган ымыркай: Дарыгерлер катачылыкка жол бергени аныкталды