Бишкек: Дарыгерлердин шалаакылыгынан 38 жаштагы киши каза болгону айтылууда

Маркум Азамат Асанкожоев. Сүрөт: black_list.kg

7-ноябрда колу сынып, Бишкектеги 4-шаардык ооруканага кайрылгандан соң каза болуп калган Азамат Асанкожоевдин жакындары буга «дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болгонун» айтып чыгышты. Ошондой эле алар тишелүү дарыгерлерди жоопко тартууну суранып, прокуратурага арызданышты.

Ал эми оорукананын жетекчилиги 22-ноябрда «Кактус» басылмасына бейтап дарыгерлердин сунушуна карабай операциядан жана ооруканага жатуудан баш тартканын билдиришти

Эмне болду?

14-ноябрда көз жумган 38 жаштагы маркум Азамат Асанкожоевдин жубайы 21-ноябрда black_list.kg инстаграм барагына күйөөсү дарыгерлердин шалаакылыгынан каза тапканын айтып чыкты.

Аялдын айтымында, жолдошу 7-ноябрда колун сындырып алып, өз алдынча 4-шаардык ооруканага барган. Ал жактан ага гипс тагылып, травматология бөлүмүнө жаткырылган. 11-12-ноябрь күндөрү бейтаптын колу катуу ооруп, бир нече жолу дарыгерлерге кайрылган, бирок кызматкерлер «дүйшөмбү күнү дарыгер келгенге чейин чыдап тур» деп жооп беришкен.

Нөөмөттө турган дарыгерлер ооруну басаңдатуучу уколдорду гана беришкен, бирок оорусу токтогон эмес. Эки сутканын ичинде кансырап, колу шишигенине карабастан дарыгерлер жардам көрсөтүшкөн эмес. Дүйшөмбү күнү, 13-ноябрда эртең менен саат 09:00дө доплерографиялык УЗИге тартылып, анда гипс туура эмес басылганынан улам тамырлар кысылып калганы аныкталган. 

Кийинчерээк бейтап реанимация бөлүмүнө которулган, ал эми дарыгерлер анын абалы начарлап, кан басымы түшүп, креатинин деңгээли өзгөрүп жатканын айтышкан. 

«Шейшемби күнү, 14-ноябрда дарыгерлер колун кесишти, жакындары анын өмүрүн сактап калыш үчүн буга макулдук бердик. Ошол эле күнү кечинде жолдошум каза болуп калды. Реанимацияда врачтар бейтап аларга оор абалда келгенин, андай абалга травматология бөлүмүндө жеткирилгенин айтышты. Аталган бөлүмдө дарылоочу катары Азамат Борукеев аттуу дарыгер иштейт», — деп билдирди маркумдун жубайы.

Асанкожоевдин жубайы «бир апта күтпөй, бейтапка дароо жардам көрсөтүлгөндө мындай болмок эмес» деп эсептейт. Анын айтымында, күйөөсү медицина кызматкерлеринин «шалаакылыгынан улам» каза тапты. Маркум үй-бүлөнүн багуучусу жана жашы жете элек төрт баланын атасы болгон.

Аял 20-ноябрда Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, шаардык оорукананын бардык жооптууларын жана 7-14-ноябрь аралыгында иштеген нөөмөттөгү дарыгерлерге карата «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» жана «Шалаакылык» беренелеринин негизинде мыйзам чегинде чара көрүүнү талап кылууда.

Дарыгерлердин жообу

Ал эми оорукананын жетекчилиги 22-ноябрда «Кактус» басылмасына комментарий берип, 7-ноябрда үйүндө лампочканы бурап жатып, 1,5-2 метр бийиктиктен кулап түшкөн бейтапка тез жардам көрсөтүлгөнүн билдиришти. Бирок дарыгерлердин айтымында, бейтап «дарыгерлердин сунушуна карабай операциядан жана ооруканага жатуудан баш тарткан».

Мекемеден бейтаптын өлүмүнүн алдын ала себеби «жалпы интоксикация жана некроздон кийин токсикалык шок» экенин кошумчалашты. Ошондой эле бейтаптын сөөгү экспертизага жөнөтүлдү.

Дарыгерлердин айтымында, алар бейтапты рентгенге тартып, колуна гипс тагылган. Дарыгерлер ага «мындай сыныкты сөзсүз операция кылыш керек экенин айтып, ооруканага жатууну» сунушташкан. Бирок бейтап «дем алыш күндөрү ооруканада жаткысы келбегенин жүйө келтирип, расмий түрдө баш тарткан кат жазып берген». 

«Колундагы сыныктын оорусунан улам 8-ноябрда ал кайрадан ооруканага жаткырылган. [...] 11-ноябрь күнү түшкү тамактан кийин бейтап үйүнө кеткен имиш. Медайым врачтан суранып кеткенин айтты, бирок врач “уруксат сурабаган” деп жатат», — дешти ооруканадан.

Дарыгерлер бейтап 11-ноябрь күнү кечки саат 19:00 чамасында «колу катуу шишип, ооруп жатканын айтып арызданып келгенин» белгилешти. 13-ноябрда шишик түн ичинде күчөп кеткенине байланыштуу оорулуу шашылыш түрдө Улуттук госпиталга жөнөтүлгөн. 

«Эртеси колунун шишигенине байланыштуу бөйрөк анализинин жыйынтыгы начар чыккан. Эртең менен шашылыш кеңешме уюштурдук, ден соолугуна байланыштуу бейтаптын колун кесип салуу сунашталды. Колу ампутация кылынгандан кийин бейтап реанимацияга которулуп, эсине келбей, кечки 22:30да каза болгон деп жарыяланды», — дешти 4-оорукананын дарыгерлери.

Авторлошу: Рустам Турсунбеков