Бишкек: УКМК интимдик кызмат көрсөткөн он чакты жайдын ишине бөгөт койду

27-ноябрда УКМК Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген 10го чукул жайдын ишине бөгөт коюлуп, уюштуруучулары кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 26-ноябрга караган түнү рейд өткөрүлүп, массаж салону деп алып интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген он чакты жай аныкталган. 

Натыйжада кардарларды кабыл алган администраторлор жана жашы 18ден 30га чейинки 70ке чукул аял кармалган. Арасында жогорку окуу жайдын студенттери да бар экени айтылат.

Аталган жайды уюштургандарга «Сойкулук менен алектенүү, ыплас аракеттерге көмөктөшүү, же сутенёрдук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу жана кармоо» беренеси менен иш козголуп, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик кызмат адамдарынын ичинен, ошондой эле аны уюштурууга жана ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — дешти атайын кызматтан. 

УКМКдан мыйзамсыз иштерди уюштурууну көздөгөндөргө таасир этүү жана бөгөт коюу максатында кармалган шектүүлөрдүн сүрөттөрү жарыяланарын кошумчалашты.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Бишкекте пара талап кылуу жана сойкулукту колдоого шектелип милиция кызматкерлери кармалды

УКМК Ажиевдин «мыйзамсыз ишкердиктен тапкан» 500 миң долларын камакка алды