УКМК Ажиевдин «мыйзамсыз ишкердиктен тапкан» 500 миң долларын камакка алды

17-октябрда УКМК ири вебкам-студия тармагынын негиздөөчүсү Даниел Ажиевдин «мыйзамсыз ишкердиктен тапкан» 500 миң АКШ доллары камакка алынганын кабарлады.

Иликтөөнүн жыйынтыгында Ажиев адамдардын тобун, анын ичинде «вебкам моделдерди» тарткан 300дөн ашык операторлорду жетектегени аныкталды. Алардын арасында жакынкы чет өлкөлөрдүн жарандары да бар.

«Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Ажиевдин кылмыштуу ишмердүүлүгүнөн түшкөн акчалай каражаттын бир айлык жүгүртүүсү болжол менен 300 миң АКШ долларын түзөт. Бул иш боюнча топтун 8 активдүү мүчөсү кылмыш жоопкерчилигине тартылып, Ажиев өзү баш болгон алты киши колго түшүп, экөөнө издөө жарыяланды», — дешти атайын кызматтан.

УКМКдан айрым басылмалардагы «Ажиев мамлекетке 44 миллион сом которду» деген маалыматты «чындыкка дал келбейт» деп белгилешти.

«УКМК Ажиевдин мыйзамсыз ээ болгон мүлкүн издөө боюнча жигердүү иш жүргүздү. Ал тергөөгө 500 миң АКШ долларын которууну, өз кезегинде бөгөт чарасын өзгөртүүнү такай сунуштап жатты. Натыйжада Ажиевдин аялынан 500 миң доллар каражат алынып, мыйзамда белгиленген тартипте, тергөөнүн алкагында камакка алынды», — дешти УКМКдан. 

Аны менен катар УКМК Ажиевдин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн, кымбат баалуу унаалары менен батирлерин камакка алды. Ал эми козголгон кылмыш иши ушул тапта жыйынтыктоочу стадияда экенин кошумчалашты. 

Ажиевдин кармалышы

Ажиев июндун башында Өзбекстандан Бириккен Араб Эмирлигине учуп кетерде кармалган. УКМК Ажиевге таандык үч чоң студияда тинтүү жүргүзгөн. Ал жерден 30 оператордун ар кандай сайтта акча үчүн интимдик мүнөздөгү кызмат көрсөтүү ишин уюштурганы аныкталып, 80 даана компьютер табылган.

2020-жылы Даниел Ажиев вебкам бизнес менен алектенерин айткан. Ал 2018-жылы батиринде вебкам студия уюштурганы үчүн кармалган. Анда Ажиев 30 миң сомдук айып пулга жыгылган.

2020-жылы Ажиев интернетте кыргызстандыктарды мазактаганы үчүн «Интернет тармагы аркылуу расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутууга» шектелип кармалган. 

Анда акыл-эси жайында эмес деп табылып, ТИЗО-1ден Жалал-Абад облусундагы «Кызыл-Жар» республикалык психиатриялык ооруканасына которулган. 2022-жылы сот Ажиевди амбулатордук дарыланууга коё берген.

Юстиция министрлигинин маалыматка ылайык, Даниел Ажиевге бир гана «Токен компани» деген ишкана таандык. Ал «фото сүрөт тармагында» иш алып барат. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Порномагнат атыккан Даниел Ажиев УКМК кармаганга чейин кандай турмушта жашаган?