Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда жүк ташуучу унаадагы фейерверктер жарылып, бир адам каза болду

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда пиротехникалык каражаттарды ташыган HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылып, анын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу 28-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти

Маалыматка ылайык, кырсык 28-ноябрь күнү кечинде катталган. Жарылуучу заттарды жүктөп бара жаткан оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кесепетинен унаадагы фейерверктер жарылып кеткен. Учурда каза болгон тургундун өздүгү такталууда.

Тилсиз жоо 23:05те чамасында ӨКМ кызматкерлери тарабынан чектөөгө алынып, эки саат ичинде толук өчүрүлгөн.

Жыл башынан бери өлкөдө 4 миң 880 жол-унаа кырсыгы катталып, 489 адам каза болгон. Каза болгондордун 31и жергиликтүү жолдордон ажал тапса, айыл-шаар жана калктуу конуштардагы унаа жолдорунда 99 адам кырсыктан мерт кеткен. Ал эми мамлекеттик маанилүү жолдордон 39, эл аралык жолдордон 320 адам каза болгон. 

ТЕМА БОЮНЧА: 

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч адам каза тапты

Акыркы тогуз ай ичинде жол кырсыгынан 500гө жакын адам каза болду