Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч адам каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

Ысык-Көл облусунун Каракол — Ананьева — Балыкчы унаа жолунда үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу «Клоопко» 17-ноябрда облустук жол кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 16-ноябрда таңга маал катталган. «Волга» унаасынын айдоочусу алгач жылкыны, кийин жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Унаада айдоочудан тышкары эки жүргүнчү кырсык болгон жерде көз жумган, ал эми унаанын айдоочусу Түп райондук ооруканасына жеткирилгенден кийин каза тапкан.

Унаа кырсык болгон жерде өрттөнүп кеткени маалым болду. Кырсыктын кесепетинен каза тапкандар Түп районунун 41, 38 жана 32 жаштагы тургундары экени аныкталды. 

Жыл башынан бери өлкөдө 4 миң 880 жол-унаа кырсыгы катталып, 489 адам каза болгон. Каза болгондордун 31и жергиликтүү жолдордон ажал тапса, айыл-шаар жана калктуу конуштардагы унаа жолдорунда 99 адам кырсыктан мерт кеткен. Ал эми мамлекеттик маанилүү жолдордон 39, эл аралык жолдордон 320 адам каза болгон. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Үч аскер кызматкери жол кырсыгына кабылып, бири каза тапты

Акыркы тогуз ай ичинде жол кырсыгынан 500гө жакын адам каза болду