«Дордой», «Орто-Сай» жана «Мадина» базарларынын соодагерлери митингге чыгышты

30-ноябрда «Дордой», «Орто-Сай» жана «Мадина» базарларынын соодагерлери салык саясатына нааразы болуп, патент системасын калтыруу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышты. 

«Азаттык» басылмасы «Дордой» базарынын айрым соодагерлери «базарга киргизилген өзгөчө салык режими ишкерлердин түйшүгүн көбөйткөнүн, айрыкча тигүү тармагында жүргөндөрдүн ишинин тартибинде түшүнбөстүктөр көп экенин айтып жатышканын» жазды.

Соцтармактарда митинг учурунда тартылган видеодон «Дордой» базарынын айрым соодагерлери минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууну талап кылышканын көрүүгө болот. Ал эми Жапаровдун кеңешчиси экени айтылган киши минкабдын башчысы Кыргызстанга кайтып келгенден кийин ишкерлер менен жолугушууга убада бергенин айтты. Жапаров учурда Улуу Британияда иш сапары менен жүрөт.

Ошондой эле «Мадина» базарынын соодагерлери да контролдук-кассалык машиналарын (ККМ) колдонууга жана атайын салык мыйзамын киргизүүгө каршы митингге чыгып, минкабдын төрагасы менен жолугуушууну талап кылышты. Аны менен бир катар соодагерлер жумуш таштап, ишке чыкпай коюшту.

Митингден кийин бош калган «Мадина» базарынын сектору. Сүрөт: Kloop

«Орто-Сай» базарынын соодагерлери «Клооптун» журналисттерине кат жазышарын, анда бийликтен алардын маселелерин бир жуманын ичинде чечүүнү талап кыларын айтышты.

Салык кызматы эмне дейт? 

Ал эми Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жалпы жыйынында «Дордой» жана «Кара-Суу» базарлары жаңы «өзгөчө режимге» өткөрүлүп жатканын билдирди.

Кыдыргычовдун айтымында, аталган базарлар «бир-бирине товар саткан учурда ККМ, ЭТТН жана ЭСФ колдонулбай турганын, ал эми ушул эле базарлардан алынган товарлар соода борборлорунда сатыла турган болсо ал “өзгөчө режимден” тышкары деп эсептелээрин жана эсеп-фактураны жаздыртуу керектигин» айтты. Ал эми товар экспортко жөнөтүлгөн учурда аталган документтер талап кылынбайт.

Аны менен катар, Кыдыргычов «өзгөчө режим» патенттин бир түрү экенин, бирок патентте түшкөн акча боюнча чектөө болсо, мында чектөө алынганын белгиледи.

Кечээ, 29-ноябрда Кара-Суу базарынын ишкерлери контролдук-кассалык машиналарын (ККМ) милдеттүү түрдө колдонууга каршы митингге чыгышкан. Ошондой эле Салык кызматы «Кара-Суу» жана «Дордой» базарларынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотуларын билдиришкен.

Акыркы эки жылда кыргыз бийлиги товар же кызмат көрсөтүү менен алектенген ишкерлер үчүн бир катар инновацияларды киргизди. Бийлик ишкерлерден контролдук-кассалык машиналарын (ККМ) колдонууну, ошондой эле товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууну талап кылып келет. Буга байланыштуу Бишкекте жана бир катар аймактарда нааразылык акциялары өткөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кара-Суу» жана «Дордой» базарларынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулат