ККМге каршы митинг. Мамлекеттик каналдар нааразы болуп чыккандар тууралуу эмне деп жатат?

2021-жылдын аягында президент ишкерлерди иш учурунда көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуп баштоого милдеттендирген жарлыкка кол койгон, ал эми 2023-жылдын башынан  электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) дагы милдеттүү боло баштаган

Базардын сатуучулары менен башка ишкерлер жаңы кирген эрежелерге каршы болуп, ККМ менен ЭТТКны колдонууга милдеттендирүү чечимин жокко чыгаруу талабы менен митингдерге чыга башташкан. 

Бийлик жана президент митингге катышкандар тууралуу бирдей эле сөздөрдү айтышкан. Ал эми соцтүйүндөрдө жана башкы мамлекеттик телеканалдарда митингчилерди көкүтүү башталып, аларды аткезчи деп аташкан.