«Дагы бир колго түшүшсө». Ташиев секс-кызматкерлерди жана аларга баргандарды ачыктарын эскертти

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев атайын кызмат секс-кызматкерлер жана алардын кызматын колдонгондор «эгер дагы бир жолу колго түшсө» өздүгү ачыкталып, интернетке сүрөттөрү жарыяланарын эскертти. Ал «интимдик кызмат» колдонгондордун арасынан депутаттар, чиновниктер, мамлекеттик кызматкерлер жана ишкерлер аныкталганын айтты.

«Биз силерди жана силердин жоруктарыңарды каттоого алдык. Эгер андай кылганыңарды токтотпой дагы бир жолу колго түшө турган болсоңор, биз силердин жүзүңөрдү көрсөтөбүз. Коомчулукка баланча-түкүнчө чиновник, депутат же бизнесмен ушундай ишке барып жүрөт деп айтабыз. Мен баарына айтып коёюн, биз бул терс көрүнүш менен аягына чейин курөшөбүз. Кыргызстанда мындан ары эч ким кыздарыбыздан интимдик кызмат ала албайт. Биз аны көзөмөлдөйбүз», — деди Ташиев. 

Ошондой эле Ташиев WhatsApp мессенжери менен Telegram каналдардагы атайын тайпаларда интимдик кызмат көрсөткөн 18ден 25 жашка чейинки 200дөй кыз аныкталганын айтты. Ташиев УКМК алардын жеке маалыматы ачыкка чыгарылбасын, бирок ата-энелерине көрсөтүлөрүн убада кылды. Анын айтымында, ата-энелер «балдары эмне кылып жүргөнүн көрүп, балдарын тарбиялоого катышышы керек».  

УКМКнын башчысы эгер бул кыздар «дагы бир жолу колго түшсө, атайын кызмат алардын жүзүн көрсөтүп, аты-жөнүн жарыялоого аргасыз болот» деп эскертти. 

Андан тышкары, Ташиев рейд учурунда интимдик кызмат көрсөткөн жайларды уюштурган 6 киши жана бул жайлар иштеген имараттарга ээлик кылган эки адам кармалганын  билдирди.  

УКМК 28-ноябрда атайын кызмат 25-26-ноябрь күндөрү «интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканалардын түйүндөрүн» аныктап, алардын ишине бөгөт коюлганын билдирген. Аны менен бирге УКМК, атайын кызматтын маалыматы боюнча, сойкулукка тартылган ондогон аялдын сүрөтүн, паспорттогу жеке маалыматтарын, алардын кээ биринин даректерин жана ата-энелеринин ысымдарын жарыялаган. Коопсуздук комитети муну «профилактика» деп атаган.  

Кармалган секс-кызматкерлер. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы 

Бирок, укук когоргоочулар менен юристтердин пикиринде, атайын секс-кызматкерлерди жана алардын туугандардын коркунучка кептеген. УКМКнын аракетин Акыйкатчы институту дагы айыптап, мамлекеттик органдарды секс-кызматкерлердин укуктарынын корголушун камсыздоого, ошондой эле «алардын жүзүн көрсөтпөөгө жана жеке маалыматтарын ачыкка чыгарбоого» чакырган, себеп дегенде бул «алардын мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарын бузарын» эскерткен.

Дагы окуңуз: УКМК секс-кызматкерлерди алардын жеке маалыматын жарыялап «уяткарды». Бул эмне үчүн туура эмес?