Кыргызстандагы дагы бир компания АКШнын санкциясына кабылды

Орусиянын аскердик өндүрүшүн керектүү жабдыктар менен камсыз кылган бир нече өлкөдөгү 150дөн ашуун жаран жана компаниялар АКШнын санкциясына кабылды. Алардын арасында Кыргызстанда катталган «Вайтмэнн Хандельн Альянс» (Weitmann Handeln Allianz LLC) ишканасы дагы бар.

Маалыматка ылайык, аталган компания чет өлкөгө дароо колдонууга жарамдуу жабдыктарды жеткирүү, логистика жана бажы документтерин даярдоо кызматтарын көрсөтөт. 

Расмий билдирүүдө «Вайтмэнн Хандельн Альянс» компаниясы Орусияга автоматтык эсептөөчү машиналарды жана маалыматты сактоочу жабдыктарды камтыган жүздөгөн жүк жеткиргени айтылат. Ишкана азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Вайтмэнн Хандельн Альянс» ишканасы 2022-жылдын 24-августунда Бишкекте түзүлгөн. Аталган компаниянын өздүк сайтында ишкана логистика багытында иш алып барары көрсөтүлгөн.

АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстандан тышкары Орусиядагы, Түркиядагы, Тажикстан жана Мальдив, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарындагы ондогон ишканаларга санкция жарыяланганы айтылат. 

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын июль айында, АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстандын беш компаниясына санкция салган. Алар Орусияга салынган санкцияны буйтап өтүүгө көмөктөшүүгө айыпталган.

Орус армиясынын Украинага ири масштабда кол салуусу 2022-жылдын 24-февралында башталган, согуш бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Аскердик кол салууну батыш өлкөлөрү айыптап, Орусияга карата мурда болуп көрбөгөндөй сандагы санкцияларды киргизишкен. Мындан тышкары, батыш өлкөлөрү Орусияга жардам берген өлкөлөргө дагы санкциялар колдонуларын бир нече ирет айтып эскертишкен.

Бул тизмеге биринчи болуп Лукашенко башында турган Беларус мамлекети кирген. Лукашенко Путинди бөркүндөй колдоп, ал тургай Украинага кол салуу үчүн өлкө аймагынан жол ачып берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

УБ: АКШ менен ЕБдин талаптарын этибарга албоо экинчи даражадагы санкцияларга кабылтышы ыктымал 

Кысым кылып, өздөрүнө тартуу — Жапаров АКШнын санкциялык чектөөнү бузбоо талабына жооп берди

АКШ дагы төрт кыргыз компаниясына санкция салды