УБ: АКШ менен ЕБдин талаптарын этибарга албоо экинчи даражадагы санкцияларга кабылтышы ыктымал 

Улуттук банк «Ишкер Медиа» басылмасына АКШ менен Евробиримдиктин санкциялык режиминин талаптарын этибарга албоо кыргыз компанияларын экинчи даражадагы санкцияларга кабылтышы ыктымал экенин билдирди

Мындан тышкары, басылманын билдиришинче, Улуттук банк өлкөнүн банк тармагына АКШ тараптан экинчи даражадагы санкцияларды киргизүү ыктымалдуулугу жогору экенин ырастаган. 

«Коммерциялык банктарга алардын иши мыйзамдын талаптарын, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү, коопсуз жана сергек банк ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелерин жана учурдагы экономикалык- геосаясий кырдаалды эске алуу менен жүргүзүлүшү керектиги жөнүндө кат жөнөтүлөт», — деп билдиришти Улуттук банктан. 

Ошондой эле өлкөнүн башкы банкы кредиттик мекемелерге банктын кардарларын тейлөөдө мыйзамдын талаптарына ылайык текшерүүнү жүргүзүүдө ички көзөмөлдү күчөтүүнү керектигин сунуштаган. Буга кошумча Улуттук банк санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү зарылчылдыгы тууралуу да маалымдаган. 

АКШ менен Евробиримдик кыргыз бийлигин көптөн бери эле эгер Орусияны жана Орусиянын Украинага кол калуусун колдосо экинчи даражадагы сакцияларга кабылып каларын эскертип келет. 

Азырынча Батыш өлкөлөрү Кыргызстандын коммерциялык банктарына карата санкция киргизе элек, бирок ага Орусияга кош багытта колдонулуучу санкциялык товарлардын жеткирилүүсүнө тиешеси бар делген Кыргызстандын бир нече компаниясы туш болгон

Андан кийин эле УКМК «АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга кыргыз мамлекетинин өзүнүн да, мамлекеттик түзүмдөр менен компаниялардын да тиешеси жоктун» билдирген.

Анткен менен атайын кызмат санкциялык чаралардын бузулушуна ташыган товарларынын акыркы керектөөчүсү жана колдонуучусу ким экенин билбей калган жеке компаниялар катыш болуп калышы мүмкүн экендигин жашырган эмес.

Кыргызстан Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу маселеде расмий бейтараптуулукту карманып жатканы менен өлкө бийлиги иш жүзүндө Орусия менен ар кыл тармактарда, анын ичинде экономика жана соода алакасында кызматташтыгын улантып келет.