Кысым кылып, өздөрүнө тартуу — Жапаров АКШнын санкциялык чектөөнү бузбоо талабына жооп берди

9-августта президент Садыр Жапаров АКШнын сенатору Боб Менендестин Кыргызстанга «санкциялык чектөөнү бузбоо» чакырыгына жооп берди.

Президенттин айтымында, Кыргызстан Орусияга «санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшүп жатат» деп ойлоого эч кандай негиз жок. Жапаров мындай билдирүүлөрдү «кандайдыр бир шылтоо таап, кысым кылып Кыргызстанды өздөрү жакка тартуу» аракети катары сыпаттады. 

«Биз андайга жол бербейбиз. Биз эгемендүү мамлекетпиз. Баардык өлкөлөр менен бирдей мамиледе болобуз. Көп векторлуу саясат жүргүзөбүз. Орусия — Украина маселеси башталганда эле нейтралдуубуз деген позициябызды билдиргенбиз. Ошол позициядан жазбайбыз. Биз позициябызды бир тарабына өзгөртүп койсок эле ошол тарабы жеңип кетпейт. Бизден көз каранды эмес», — деди ал. 

Ошондой эле Жапаров Кыргызстан чек арасынан дрон жана учкучсуз аппараттарды өткөрбөй жатканын белгиледи.

«Орусия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес. Алар бири-бирине кошуна өлкөлөр. 4000 километр чек ара тилкеси бар. Орусия кааласа деңиз аркылуу, кааласа темир жол аркылуу эшелон-эшелон же баржа-баржа кылып каалаган товарын ташып алат», — деди ал.

Буга чейин, 9-августта АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөрдүн бузулганына байлашынтуу Жапаровко кайрылган.

Ал Кыргызстан «тыюу салынган буюм-тайымдарды Орусияга мыйзамсыз импорттоо жагынан шерик болуп жатат» деп эскертип, Жапаровду мындай көрүнүштү алдын алуу үчүн ишенимдүү жол-жоболорду орнотууга чакырган.

Украинадагы согуш жана Орусияга каршы санкция

Орусия 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабда кол сала баштагандан кийин АКШ жана Европа биримдиги Орусияга каршы санкцияларды салып, аскердик багытта колдонулушу мүмкүн технологиялардын экспортун катаалданткан.

Анткен менен Орусия аталган чектөөлөргө илинбей калган башка өлкөлөр аркылуу, анын ичинде Кыргызстан жана Казакстан аркылуу батыштын технологияларын алууну улантууда.

АКШ жалпы-жонунан беш кыргыз компаниясына санкция салган. Буга аталган компаниялар «Орусиянын аскердик жана коргонуу тармактарына колдоо көрсөткөн» деген жүйө негиз болгон.

АКШ Кыргызстандын компанияларына каршы санцияларды киргизүүнү пландап жатканын мурдараак өздүк булактарына таянуу менен The Washington Post басылмасы жазган.

УКМК бул маалыматка комментарий берип, иликтөө баштаганын билдирген. Атайын кызматтан «АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга кыргыз мамлекетинин өзүнүн да, анын мамлекеттик түзүмдөрү менен компанияларынын да тиешеси жоктугун» айткан.