Активист Адилет Балтабай аны милиция кармап кеткенин билдирди

15-декабрда блогер, жарандык активист Адилет Балтабай аны Сокулук райондук милициясынын кызматкерлери кармап кеткенин фейсбук барагына жазды.

«Президент мырзага кайрылып жете албадым. Садыр Жапаров мырза, көңүл бөлүңүз акыбалыма», — деп белгилеген андан кийинки билдирүүсүндө.

Активист Бишкекте экинчи Элдик курултай өтүп жаткан шартта кармалды. Аны эмне себептен кармап кеткени тууралуу так маалымат жок. Сокулук райондук милициясы бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Балтабай төрт күн мурда фейсбук аркылуу президентке кайрылуу жасап, укугун коргоону өтүнгөн. Ал Чүй облустук сотунда отурум болорун айтып, «өз чындыгымды айтып калайын, мени кармап кетишсе калк билиши керек» деп белгилеген.

«Чындык мындай, мен казинолорду ачууга каршы акцияларды уюштуруп жүрдүм. Аны баары билет. Бирок сот процессинде эч бир жерде айтылган жок. Прокурор да унчуккан жок. Анын ордунда айыптоочулар фейсбукка жазган сын маанайдагы билдирүүлөрүмдү бетке кармашты», — деген ал. 

Активист президентке жолуга албай жүргөнүн, өкмөт үйүнө барганда ал жерде иштегендердин бири «сага убактыбыз жок, эгер пробацияда жүрүп кайрылуу жасаган болсоң, өзүңдөн көр» деп эскертүү бергенин кошумчалаган.

Буга чейин Пробация кызматы Сокулук райондук сотунан үч жылдык пробациялык козөмөлдө жүргөн активистти камакка алууну суранган. Ага Балтабайдын «пробация эрежелерин бузганы негиз» болгонун айтышкан. 

10-ноябрда сот мекеменин өтүнүчүн канааттандырып, «Массалык башаламандыкка чакырык жасоо» боюнча күнөөлүү деп табылган Балтабайды беш жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган. Анда чечим 10 күндө ишке ашары айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Сокулук райондук соту Адилет Балтабайды пробациялык көзөмөлгө алуу чечимин жокко чыгарды

Активист Адилет Балтабай камактан бошотулуп, үч жылдык пробациялык көзөмөлгө коюлду