Сокулук райондук соту Адилет Балтабайды пробациялык көзөмөлгө алуу чечимин жокко чыгарды

10-ноябрда Сокулук райондук соту блогер, жарандык активист Адилет Балтабайды үч жыл пробациялык көзөмөлгө алуу чечими жокко чыкканын билдирди. Ал «Массалык башаламандыкка чакырык жасоо» боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылга соттолгон болчу.

Буга чейин Пробация кызматы райондук соттон Балтабайды камакка алууну суранып, муну активситтин «пробация эрежелерин бузганы менен» негиздеген. 10-ноябрда сот Пробация кызматынын өтүнүчүн канааттандырды.

«Биринчи Май райондук соту үч жылдык пробация көзөмөлүн жокко чыгарган чечим кабыл алып, мурдагы беш жылдык мөөнөтү күчүндө калды. Бул токтом 10 күн ичинде күчүнө кирет. Биз ага чейин Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылабыз», — деди активисттин жактоочусу Эрлан Казаков.

10-октябрда Балтабай УКМКга бир нече саат сурак берген. Активисттин айтымында, андан маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна байланышы бар-жогу тууралуу сурашкан. УКМК бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

Атайын кызматтын сурагынан кийин Балтабайдын сабалганы, анын эки кабыргасы сынганы белгилүү болгон. Бирок аны ким ур-токмокко алганы айтылган эмес.

Адилет Балтабайдын иши

Балтабай өткөн жылдын 30-июнунда «Массалык башаламандыкка чакырык жасоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Балтабай акыркы убакта Next TV телеканалында кабарчы болуп иштеп жатканын айткан. Ал активисттин суракка чакырылуусуна фейсбуктагы посттору себеп болду деген пикирде.

2022-жылдын 11-ноябрында Биринчи май райондук сот Балтабайды күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле маалда үч жылдык пробациялык көзөмөл менен аны сот залынан бошоткон.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 12-январында Бишкек шаардык соту активистти беш жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алган. Кийин Жогорку сот ал өкүмдү жокко чыгарып, райондук соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Активист Адилет Балтабай камактан бошотулуп, үч жылдык пробациялык көзөмөлгө коюлду