Активист Адилет Балтабай камактан бошотулуп, үч жылдык пробациялык көзөмөлгө коюлду

19-апрелде Жогорку соттон жарандык активист Адилет Балтабай эркиндикке чыгарылып, ага үч жылдык пробациялык көзөмөл дайындалганын билдиришти. Буга чейин аны массалык башаламандыкка чакырууга айыптоо менен беш жылга камакка алышкан.

Жогорку сот активистке карата Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 12-январындагы өкүмүн жокко чыгарып, Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 11-ноябрындагы өкүмүн күчүндө калтырды.

Райондук сот Балтабайды күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле маалда үч жылдык пробациялык көзөмөл менен аны сот залынан бошоткон.

Андан соң, үстүбүздөгү жылдын 12-январында Бишкек шаардык соту активистти беш жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алган.

Адилет Балтабайдын иши

Балтабай өткөн жылдын 30-июнунда «Массалык башаламандыкка чакырык жасоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Балтабай акыркы убакта Next TV телеканалында кабарчы болуп иштеп жатканын айткан. Ал активисттин суракка чакырылуусуна фейсбуктагы посттору себеп болду деген оюн айткан.

Активист өзү фейсбуктагы билдирүүлөрүнүн арасынан 20-30 пост тандалып алынып, экспертиза аларда «массалык башаламандыктарга чакырык бар» деген корутунду чыгарганын айткан. Ал өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын, өзүнө карата козголгон ишти сөз эркиндигине басым катары баалай турганын белгилеген.

Балтабай беш жылга камакка алынган соң 10-мартта анын туугандары жана тарапташтары Жогорку соттун жана УКМКнын имаратынын алдына митингге чогулуп, активистти бошотуу талабын коюшкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Активист Адилет Балтабайдын жакындары Жогорку соттун алдында аны бошотууну талап кылышты