Кустуруу саясаты. Төрт жылда мамлекетке зыяндын ордун толтуруу катары 15,5 млрд сом түштү

2020-2023-жылдар аларылыгында мамлекеттик органдар менен Каржы министрлигинин депозиттик эсептерине «мамлекетке келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу же мажбурлап компенсациялоо түрүндө» 15,5 млрд сом келип түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди

«Депозиттик эсептер мамлекетке келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу же мажбурлап компенсациялоо түрүндөгү акча каражаттары укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептерине, ошондой эле Финансы министрлиги болуп саналган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын депозиттик эсептерине которулат», — деп билдирди ведомство.  

Алсак, 2020-жылы депозиттик эсептерге 2,7 млрд сом, 2021-жылы Финансы министрлигинин эсептерине 1,9 млрд сом которулган, 2022-жылы — 4,1 млрд сом жана 2023-жылы дагы 6,7 млрд сом келип түшкөн. Натыйжада өлкөнүн казынасы 15,5 млрд сомго толукталган. 

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бийликке келгенде алдамчылык жана коррупция үчүн кармалган саясатчылар же ишкерлер мамлекетке келтирген зыяндын ордун кайтарып берген соң эркиндикке чыгып кете ала турган «кустуруу» программасын башташкан. 

Чуулуу кармоолор көбүнесе коррупцияга айыпталган чиновниктер УКМК аныктап берген зыяндын өлчөмүн төлөө менен аяктап, алар үй камагына чыгарылып же эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулчу. Эң эле чуулуу «кустуризациянын» бири деп Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун кармалуусун айтса болот, ал 2 млрд сом зыяндын ордун төлөп берген. 

Алгоритмге ылайык, өндүрүлгөн каражаттар алгач УКМКнын депозиттик эсебине, андан соң Каржы министрлигинин эсебине, ал жерден кайра бюджеттик чыгымдардын беренелери боюнча бөлүштүрүлөт, анын ичинде президенттин фондуна дагы багытталышы мүмкүн.

24-майда Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн 2,5 жылга созулган биринчи этабы аяктап, экинчи этабы башталганын жарыялаган. Анын айтымында, экинчи этап 1-1,5 жылга созулушу керек.