Опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев үй камагына чыкты

Опера жана балет театрынын «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип кармалган директору Алмазбек Истамбаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу 22-декабрда «Клоопко» Бишкек шаардык сотунан кабарлашты.

УКМК Истамбаевди театрга байланыштуу узак мөөнөттүү ижара келишимин түзүүдө кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кармаган.

Бул боюнча театрдын директоруна «Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал райондук соттун чечими менен 2024-жылдын 4-январына чейин камакка алынган.

Алмазбек Истамбаев Опера жана балет театрынын директору болуп 2022-жылдын февралында дайындалган. Ага чейин ал театрдын солистти болуп иштеп келген.

ТЕМА БОЮНЧА: 

УКМК опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаевди кармады

Опера жана балет театрына Алмазбек Истамбаев директор болду