УКМК опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаевди кармады

УКМК Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев кармалганын билдирди. 

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, тергөө «театрдын балансында турган мамлекеттик мүлк үчүн узак мөөнөттө ижара келишимдерин түзүүдө, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын» аныктаган.  

Аталган факт боюнча «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Истамбаев УКМКнын тергөө изоляторунунун убактылуу кармоочу жайын киргизилди.

УКМК атайын кызмат бул кылмышка тиешеси бар башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштерди улантып жатканын кошумчалады.

Алмазбек Истамбаев Опера жана балет театрынын директору болуп 2022-жылдын февралында дайындалган. Ага чейин ал театрдын солистти болгон.