Опера жана балет театрына Алмазбек Истамбаев директор болду

Министр Азамат Жаманкулов театрдын жамаатына жаңы жетекчини тааныштырууда. 

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп Алмазбек Истамбаев дайындалды. Жаңы жетекчини жамаатка маданият министри Азамат Жаманкулов тааныштырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

«Министр жаңы дайындалган жетекчинин алдына бир катар талаптар коюлганын, анын ичинде жаңы спекталдери алып чыгуу, театрдагы менеджерлик ишти алдыга жылдыруу жана эмгек жамаатта туруктуу чыгарамачыл атмосфераны түзүү тапшырмасы коюлганын белгиледи», — деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Опера жана балет театрын 2019-жылдын январынан бери Керим Турапов жетектеп келген. Ал үстүбүздөгү жылдын 28-январында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Алмазбек Истамбаев деген ким?

Алмазбек Истамбаев. Сүрөт: Маданият министрлигинин басма сөз кызматы.

Алмазбек Истамбаев 50 жашта. 2005-жылы Калый Молдобасанов атындыгы кыргыз улуттук консерваториясын, ал эми 2019-жылы Ишеналы Арабаев атындыгы кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент институтун аяктаган.

2000-жылдан 2019-жылга чейин Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрында операнын алдыңкы солисти болуп иштеген.

Ал эми 2017-жылдан 2020-жылга дейре Асанкан Жумакматов атындагы кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин директору болгон.

2020-жылы «Евразия ааламы – XXI кылым» мамлекеттер аралык форумунун көркөм жетекчиси, «Кыргыз Конгресси» Бүткүл орусиялык коомдук уюмунда маданият жана искусство комитетинин төрагасы болгон.

2021-жылдан тарта эл аралык «Генезис» симфониялык поэмасы долбоорунун Кыргызстандагы менеджери жана эл аралык кайрымдуулук долбоорунун координатору болуп иштеген.

Опера жана балет театрындагы чыр

2021-жылы 6-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет академиялык театрынын артистери сахнага чыгуудан баш тартып, көрүүчүлөрдөн кечирим сурашкан.

Нааразы болгон көрөрмандардын айтымында, алар орусиялык жылдыздардын катышуусундагы «Ак куу көлү» («Лебединое озеро») балетин 40 мүнөткө чукул күтүшкөн. Кийинчерээк улуттук балет театрынын артисттери чыгып, спектакль болбой турганын жарыялашкан.

Кийинчерээк артисттер театр жетекчилигине үнүн жеткирүү үчүн мындай кадамга барууга аргасыз болгонун билдиришкен.

Балет бийчилеринин айтымында, алардын жеке ар бири менен эмгек келишими түзүлгөн эмес — Эмгек кодексинин жалпы жоболорун камтыган жамааттык келишим гана бар. Бул келишимде коммерциялык долбоорлордо эмгек акыларын төлөө, оюндардын саны сыяктуу бир катар орчундуу маселелер каралган эмес — бир айлык эмгек маянасы гана бекитилген.

Кийинчерээк театрдын жетекчиси Карим Турапов мындан ары коммерциялык спектаклдер коюлбай, чет элдик артисттер чакырылбай турганын билдирген.

Балет театрындагы чуу өкмөткө чейин жеткен. 2021-жылдын 9-мартында ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков жаңжалдашкан эки тарап жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри менен жолуккан.

Маданият министрлиги жаңжалды иликтөө боюнча атайын комиссия түзүп, ага юристтер, аудиторлор жана балет труппасынын өкүлдөрү кирген.

Тема боюнча:

«Кулдай иштетип жатышат». Опера жана балет театрынын солисттери жетекчиликке нааразы

Балет театрындагы чыр: Артисттердин бир бөлүгү сый акыдан куру калды