Жалал-Абадда газдын жоктугунан улам жаңы автобустар каттамга чыкпай жатат

Жалал-Абад шаарына автобустарды тапшыруу, 27-октябрь 2023-жыл. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Жалал-Абад шаарында эки ай мурда тапшырылган жаңы автобустар Өзбекстанда жаралган газ тартыштыгынан улам ишин токтотту. Бул тууралуу «Клоопко» 4-январда шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы автобустар метан газы менен жүргөнүнө байланыштуу буга чейин аны Өзбекстандын аймагынан камсыздап келишкен.

«Автобустар 20-декабрдан бери каттамга чыкпай жатат. Өзбекстандын өзүндө метан газынын тартыштыгы жаралды. Газ куюучу станция курулуп бүтсө автобустар каттамга чыгат, аны учурда өзбекстандык инвесторлор куруп жатат. Тездетип бүтүрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү», — дешти мэриядан.

Президент Садыр Жапаров 27-октябрь шаар күнүнө карата Жалал-Абадга 50 жаңы автобус тапшырган. Расмий маалыматка ылайык, өткөн жылдын 1-декабрынан тарта шаарда жалпысынан 40 автобус каттамга чыккан. Газ куюучу станциянын жоктугуна байланыштуу күн сайын 20 автобус каттамга чыкса, 20 автобус Өзбекстандан газ куюп келип жаткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров шаар күнүнө карата Жалал-Абадга 50 жаңы автобус тапшырды