Садыр Жапаров шаар күнүнө карата Жалал-Абадга 50 жаңы автобус тапшырды

Президент Садыр Жапаров шаар күнүнө карата Жалал-Абадга 50 жаңы автобус тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Жапаровдун айтымында, Жалал-Абаддын жүргүнчүлөрдү ташуу автобазасынын паркы 2012-жылдан бери жаңыланган эмес жана андагы автобустардын дээрлик баарынын эскилиги жетип, жараксыз абалга келген.  

 

Ошондой эле президент  Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы менен сотуна жаңы автоунааларды тапшырып, «кызматкерлер ыкчам жана натыйжалуу иштөөсү» үчүн деп белгиледи.  

Жапаров бийлик «жети дубандын ири шаарларын шаар макамына жооп бергидей деңгээлге жеткирүүгө» аракет кылып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал, Жалал-Абаддын өнүгүүсүнө 2 млрд сом бөлүнүп берилгенин эске салды.

«Шаар борборлоруна агылып келген эл шаар маданияты менен түздөнүп, шаар көркү менен сыймыктана тургандай деңгээлге чыгаралы деген илгери үмүтүбүз зор [] Анын алкагында 2 млрд сом акча каражатын бөлүнгөндүгүнөн да кабарыңыздар бар. Өзүңүздөр күбө болуп жаткандай, мындай чоң суммадагы каражат бөлүү менен шаарыңыздарда бир топ өзгөрүүлөр, бир нече жаңы курулуштар жүрүп жатат. Шаардын ички жолдору оңдоп-түзөөдөн өтүп, элибизге ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканына баарыбыз күбөбүз», — деп белгиледи президент. 

Жалал-Абад шаары быйыл 146 жылдыгын белгилеп жатат. Шаар күнүн белгилөө быйыл Аюб-Тоонун чокусуна президенттин катышуусунда 50 метрлик өлкөнүн туусун илүү менен башталды.